Путин кыргызстандыктарды куттуктап, союздаштык алака бекемделерин айтты

© AP Photo / Vladimir VoroninРоссия лидери Владимир Путин. Архив
Россия лидери Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбековдун жана кыргызстандыктардын атына куттуктоолор келиши уланууда.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Кыргызстан элин жана президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, союздаштык мамилелерди бекемдөөгө мындан ары дагы уланаарын айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кыргызстандын улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Өз ара урматтоонун жана достуктун жакшы салттарына негизденген россиялык-кыргыз байланыштардын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилейм. Түрдүү багыттар боюнча конструктивдүү кызматташтык, ошондой эле Евразиялык Экономикалык Бирликтин, ЖККУнун жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында эки тараптуу саясий диалог жигердүү өнүгүп жатат", — деп айтылган Путиндин куттуктоо телеграммасында.

Россиянын президенти эки мамлекет кызматташууна бекемдөөгө мындан ары дагы умтула берерине ишене тургандыгын айткан.

Кыргызстандын желегин илип жаткан аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тоталитаризмден парламентаризмге… Эгемендиктин 27 жылдык сабагы
"Биргелешкен аракеттер менен биздин мамлекеттер ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди бекемдөөгө мындан ары дагы умтула беребиз деп ишенем. Бул мамиле Россия менен Кыргызстандын элинин түпкү кызыкчылыктарына жооп берип, регионалдык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыздоо багытында бара жатканы шексиз", — деген Россия лидери.

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү менен башка өлкөлөрдүн жетекчилери — Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев президенттери куттуктады. Жээнбековдун жана кыргызстандыктардын атына келген куттуктоолор уланууда.

Кыргызстан Эгемендүүлүк күнүн майрамдап жаткан бул күнү өлкөдө кандай иш-чаралар болуп жаткандыгын Sputnik Кыргызстандын түз алып берүүсүнөн окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0