Жээнбеков Кыргызстандагы ФЕТО өкүлдөрүнө каршы кандай күрөш жүрөрүн айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОфициальный визит президента Турции Реджепа Тайипа Эрдогана в Кыргызстан
Официальный визит президента Турции Реджепа Тайипа Эрдогана в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга болгон расмий иш сапары учурунда дин аалымы Фетхуллах Гүлендин уюмунун мүчөлөрү жана "Сапат" билим берүү мекемеси тууралуу кеп козголду.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен тар жана кеңири чөйрөдө жолугуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу 12 документке кол койгондон кийин журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрдү.

Анда түрк президенти Эрдоган Кыргызстандагы ФЕТО (Фетхуллах Гүлендин террордук уюму – авт.) террордук уюмуна каршы күрөшүү боюнча да маселесин Сооронбай Жээнбеков менен чогуу талкуулаганын айтты.

Последствия попытки военного переворота в Турции - Sputnik Кыргызстан
Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпталган 72 аскер адамы өмүр бою кесилди
"Баарыңардын эсиңерде болсо керек 15-июлда (2016-жыл — авт.) ФЕТО тарабынан уюштурулган төңкөрүш аракети анын мүчөлөрү бар бардык мамлекеттерге коркунуч туудурат. Акыркы маалда биз тараптан көрүлгөн аракеттер менен бул террор уюмунун белин сындырдык. Бүгүнкү жолугушууда ФЕТО менен кантип күрөшүү керектигин да талкуулап алдык. Биз боордош эл болгондуктан биздин башыбыздан өткөн нерсени бир туугандарыбыз дагы көрүшүн каалабайбыз", — деди Эрдоган.

Түрк президенти ошондой эле өз сөзүндө ФЕТОнун тарапташтары армияга, милицияга, мамлекеттик бийликтин бардык тарабына кирип алып, ошол жактан төңкөрүш жасоо аракеттерин баштай турганын баса белгиледи.

Андан сырткары, ФЕТО маселесин эки өлкөнүн күн тартибинен алып салуу менен келечекке карай бирге иш-аракеттерди көрүү керектигин айтты.

"Бул багыттан алганда биз "Маариф" фондусуна өзгөчө маани беребиз. Бул фондунун Кыргызстандын Билим берүү министрлиги менен бирге жасай турчу аракеттери ал жактагы маселени чечип, Кыргызстан үчүн пайдалуу болот деп ишенем", — деди Эрдоган.

Өз кезегинде президент Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоган менен Анкарада жолукканда дагы бул маселе айтылганын белгилеп, бүгүн дагы тар чөйрөдө жолукканда бул маселе коюлганын кошумчалады. 

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элчи Ибрагим Жунусов "сууп" кеткен мамиле жана Гүлен уюму тууралуу айтты
"Биз бул боюнча абдан көп иш алып бардык, "Себатты" "Сапатка" айланттык. Азыр бул мекеменин ишмердиги толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө турат. Андан тышкары Билим берүү жана илим министрлиги анын уюштуруучу курамына кирген. Азыр окутуу процесстери толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө. Биз боордош эл экенибизди дагы бир ирет айтып коюшум керек. Биздин жарандар Түркияга зыян кылуучу, кыянаттык иштерге барбайт. Эгер кыргыз-түрк мамилесине доо кетире турчу аракеттер болсо, андай адамдар катуу жоопкерчилик тартат", — деди Жээнбеков.

КР президенти ошондой эле өлкө башчы катары бул иш өзүнүн түз көзөмөлүнө аларын айтып, Кыргызстанда иштеп жаткан бардык жарандар, КР мыйзамы менен иштей турганын жана ага мамлекет көз саларын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0