Үй камагындагы Канат Исаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынына келди

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңеш бүгүн, 4-сентябрда, жайкы эс алуудан кийин өз ишин баштап, ага үй камагындагы депутат Канат Исаев дагы келди.
Жогорку Кеңеш бүгүн, 4-сентябрда, жайкы эс алуудан кийин өз ишин баштап, ага үй камагындагы депутат Канат Исаев дагы келди. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңеш бүгүн ишин баштады.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеш бүгүн, 4-сентябрда, жайкы эс алуудан кийин өз ишин баштап, ага үй камагындагы депутат Канат Исаев дагы келди. Белгилей кетсек, 18-июлда Бишкек шаардык соту Исаевди сот залынан үй камагына чыгарган болчу

Парламент бүгүнкү ишин оркестрдин коштоосунда Кыргызстандын гимнин аткаруу менен баштады. 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешЖогорку Кеңеш бүгүн, 4-сентябрда, жайкы эс алуудан кийин өз ишин баштады
Жогорку Кеңеш бүгүн, 4-сентябрда, жайкы эс алуудан кийин өз ишин баштады - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жогорку Кеңеш бүгүн, 4-сентябрда, жайкы эс алуудан кийин өз ишин баштады
© Фото / пресс-служба ЖКПарламент бүгүнкү ишин оркестрдин коштоосунда Кыргызстандын гимнин аткаруу менен баштады.
Парламент бүгүнкү ишин оркестрдин коштоосунда Кыргызстандын гимнин аткаруу менен баштады. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Парламент бүгүнкү ишин оркестрдин коштоосунда Кыргызстандын гимнин аткаруу менен баштады.
1/2
Жогорку Кеңеш бүгүн, 4-сентябрда, жайкы эс алуудан кийин өз ишин баштады
2/2
Парламент бүгүнкү ишин оркестрдин коштоосунда Кыргызстандын гимнин аткаруу менен баштады.

ЖК төрагасы Дастан Жумабеков 95 депутат катталганын, кворум бар экенин айтып, жыйынды баштады.

Депутат ЖК Канатбек Исаев во время открытия после капитального ремонта отдела в КТРК - Sputnik Кыргызстан
Депутат Канат Исаев үй камагына чыгары менен апасына жөнөдү
Төрага депутаттар менен саламдашып, аларды Көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды. Андан кийин парламенттеги комитеттер ишин башташы керектигин айтып, эл өкүлдөрү кийинки пленардык жыйынга чейин деп тарап кетишти.

Депутат Мирлан Жээнчороевдин журналисттерге берген маалыматына ылайык, парламенттин кийинки жалпы жыйыны 12-сентябрда болот.

Эске салсак, Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга соода борборун куруу үчүн берген деп "Коррупция" беренеси менен айыпталган болчу. Бирок ал берене "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деп өзгөртүлүп, кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен иш кыскартылган болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0