Эрдоган: Гүлендин уюму Кыргызстанда тамыр жайып, саясатчыларды да колго алган

© REUTERS / HANDOUTПрезидент Турции Тайип Эрдоган
Президент Турции Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга болгон расмий иш сапары учурунда өлкөдөгү ФЕТӨ уюму менен биргеликте күрөшүү керектигин баса белгиледи.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган дин аалымы Фетхуллах Гүлендин уюму Кыргызстанда таасирдүү күчкө ээ экенин Sabah гезитине расмий сапардан кайтып баратып учактан билдирген.

"Тилекке каршы, Кыргызстанда ФЕТӨ уюму олуттуу күчкө ээ. Алар мамлекеттик институттарга, аскер түзүмдөрүнөн тарта сот бийлигине чейин кирип кетишкен. Чындыгында алар айрым саясатчыларды да колго алып алышкан. Биз кыргыз өкмөтүнө ФЕТӨ уюму бир гана Түркия үчүн эмес, алар ишмердигин жүргүзгөн бардык мамлекетке коркунуч туудура турганын эскерттик. Бул уюмдун билим берүү ишмердиги тезинен токтотулушу кажет", — деди Эрдоган.

Түрк президенти ошондой эле расмий Анкара ФЕТӨ уюму тууралуу өз кооптонуусун эл аралык аренада айтып, башка мамлекеттерге эскертип турарын кошумчалаган. Андан сырткары, ФЕТӨ уюму учурда 160 мамлекетте активдүү бойдон калганын баса белгиледи.

Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанда дагы ФЕТӨгө каршы күрөшүүнү улантуу маселесин президент Сооронбай Жээнбеков менен Бишкекте жолукканда да көтөргөн. Өз кезегинде Жээнбеков бул багытта Кыргызстан бир катар аракеттерди жасаганын айтып, кыргыз-түрк мамилесине залака келтире тургандар болсо катуу жоопкерчиликке тартыларын белгилеген.

Официальный визит президента Турции Реджепа Тайипа Эрдогана в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Кыргызстандагы ФЕТО өкүлдөрүнө каршы кандай күрөш жүрөрүн айтты
Түрк бийлигинин Кыргызстандагы Фетхуллах Гүленге таандык делген "Себат" билим берүү мекемелерин жабуу боюнча талабы 2016-жылы 15-июлда болгон мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетинен кийин коюла баштаган. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу дин аалымы Фетхуллах Гүлендин жактоочулары Кыргызстанда дагы ушундай иштерди жасашы мүмкүндүгүн айтып, ага таандык делген "Себат" билим берүү мекемесин жабууну талап кылган.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркия министринин мындай билдирүүсү осол кадам экенин белгилеп, Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондуктан эмненин жаман, эмненин жакшы экенин өзү чече турганын айткан болчу. Экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы Түркия Кыргызстанды коркутуп, акыл үйрөтпөшү керектигин баса белгилеген

Кыргызстандагы эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин аты "Сапат" болуп 2017-жылы жаз айларында өзгөртүлгөн. Эми "Сапат" билим берүү мекемесинин түзүүчүлөр курамына КР Билим берүү жана илим министрлиги кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0