КР ТИМи түрк элчисин туура маалымат таратууга үндөдү

Жазылуу
Жолугушууда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын 1-2-сентябрда Кыргызстанга болгон иш сапары учурунда жетишилген сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу маселелери талкууланды.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фыратты чакырды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын 1-2-сентябрда Кыргызстанга болгон иш сапары учурунда жетишилген сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу маселелери талкууланган.

Кыргыз тарап ошондой эле элчини туура маалымат таратууга үндөгөн.

Проправительственный митинг в Анкаре - Sputnik Кыргызстан
Гүленчилер таасирдүү кыргызстандыктарды коркутушканбы? Саясатчылар эмне дейт?
Белгилей кетсек, түрк элчиси 10-сентябрда ЖМК өкүлдөрү үчүн маалымат жыйын куруп, Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемелеринин имараттары "Маариф" фондусуна берилиши керектигин айткан. Анткени аталган мекеменин имараттары түркиялык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен курулганын билдирген болчу.

Андан сырткары, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган сентябрдын башында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип, дин аалымы Фетхуллах Гүленге таандык делген билим берүү мекемелерин жабуу маселесин көтөргөн. Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемелеринин ишмердиги мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө экенин айтып, анын уюштуруучулар курамына КРдин Билим берүү жана илим министрлиги киргенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0