Өкмөт башчы Ош облусун кыдырат

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архивное фото
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш сапар эки күнгө созулмакчы.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна бара турганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Анын жүрүшүндө премьердин Чоң-Алай жана Өзгөн райондорундагы мектептердин ачылышына катышары күтүлүп жатат.

Мындан тышкары, Абылгазиев Жекенди-Шибээ каналынын курулушун көрүп, көмүр ишканаларын иши менен таанышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0