Түркия Кыргызстанга 130 "гүленчинин" тизмесин берген эмес

Жазылуу
Сагынбаев мындай маалыматтар өлкө ичинде ызы-чуу жаратыш үчүн атайылап жасалганын айтты.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Түркия тарап Кыргызстанга 130 кишинин тизмесин бербегенин маалымат жыйында билдирди.

Ал мындай маалыматтар өлкө ичинде ызы-чуу жаратыш үчүн атайылап жасалганын айтты.

"Дагы бир жолу белгилеп айтам, 130 кишинин тизмеси же андан башка тизме кыргыз тарапка берилген эмес", — деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Түркиянын айрым ЖМКлары президент Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга болгон иш сапары учурунда Түркия дин аалымы Фетхуллах Гүлендин террордук уюмунун Кыргызстандагы мүчөсү делген 130 кишинин тизмесин берип, аларды өткөрүп берүүнү талап кылганын жазышкан

Жаңылыктар түрмөгү
0