Рыскелди Момбеков өкмөттөгүлөрдүн "түркөйлүгүнө" нааразы болду

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Рыскелди Момбеков
Депутат ЖК Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү чет элдик ишмердин айткандарына өкмөт эмдигиче жооп бере электигин айтты.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков кыргыз өкмөтүнүн чет элдик ишмер Андрей Бельяниновдун айткандарына татыктуу жооп бербегени үчүн парламенттин жалпы жыйынында катуу сынга алды.

Депутаттын айтымында, Алматы шаарында 6-сентябрда болгон конгрессте ал кыргыз өкмөтүнө шек келтирген.

"Ошол конгрессте россиялык ишмер кыргыз өкмөтүн сындады, сындады десем сылык болуп калат, шылдыңдады, башкача айтканда, башынан ылдый жугунду куйду. Бирок ага өкмөттөн жооп болгон жок. Ал эмне деди? Кыргызстандын өкмөтү улам алмаша берип, биз адаша берип, окута берип тажадык деди. Акча берейин десең "долбоору жок" деди, түшүндүрөйүн десең "түшүнүгү жок түркөйлөр иштеп жатат" деди. Логикага таянып айтканда, кыргыз өкмөтүндө көк мээлер иштеп жатат деди. Өкмөттөн эч ким жооп берген жок. Эгерде өкмөттүн кадыр-баркы, ар намысы бар болсо, маселени өкмөттүн башчысы өзү көтөрүп, өзү жооп бериши керек болчу", — деди депутат.

Депутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жамангулов: тойлорго беш жылга чейин мораторий киргизүү керек
Момбеков, андан сырткары, өкмөт Пушкиндин тилинде жооп берип койсо болмоктугун айтып, премьер-министр анын ордуна Көчмөндөр оюндарынын жабылышында Черчиллдин тилинде чечендигин көрсөтүп, англисче сүйлөгөнүн белгиледи.

"Англисче билген жакшы, бирок ал өкмөт үчүн эмес, өзү үчүн жакшы. Эл үчүн "энглиш" тилинде сүйлөгөн премьер керек эмес, эл үчүн эне тилинде сүйлөгөн, эсеп, экономиканын тилин билген премьер керек", — деди ал.

Эл өкүлү ошондой эле бир жумадан бери эч кандай жооп болбогонун дагы бир жолу белгилеп, Экономика министрлиги Финансы министрлигине, ал кайта беркисине шылтап отурганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0