БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн катарында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Бишкекте өткөн маалымат жыйын учурунда билдирди.
Министрге журналисттердин бири "Сапат" билим берүү мекемесин негиздегендердин катарында Сапар Исаков да бар экени тууралуу кептер тарап жатканын айтып, мунун канчалык чындыгы бар экенин сураган.
"Негиздөөчүлөрдүн аты-жөнүн айта кетейин. Алар: Инанды Орхан, Майрамбек Жумалиев, Жолдошали Көчкөнбаев жана Билим берүү министрлиги. Бул үч адам тең Кыргызстандын жарандары. Ал эми Сапар Исаков алардын арасында жок", — деди Кудайбердиева.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган сентябрдын башында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип, дин аалымы Фетхуллах Гүленге таандык делген билим берүү мекемелерин жабуу маселесин көтөргөн. Өз кезегинде президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемелеринин ишмердиги мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө экенин айтып, анын уюштуруучулар курамына КРдин Билим берүү жана илим министрлиги киргенин белгилеген.2016-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда Түркия Фетхуллах Гюлендин уюмуна караштуу мектептерди жабууну айтып, бирок кыргыз бийлиги андан баш тарткан.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Мындан улам достук мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берилет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолуккан. Өкмөт башчы Кытай тарапка коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар соода-экономикалык кызматташуу, коронавируска каршы кытай вакцинасын бекер алуу, "Торугарт" менен "Эркечтам" постундагы жүк өткөрүүнү көбөйтүү маселелерин дагы талкуулашкан.
Мындан сырткары, өкмөт башчы менен элчи эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды жандантуу мүмкүнчүлүгүн дагы сүйлөшүшкөн.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.