Бир айдан бери бош турган министрлик орунга талапкерлер сунушталды. Тизме

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевОчередное заседание правительства КР
Очередное заседание правительства КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талапкерлердин тизмеси Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчиси-министри кызматына Шамилбек Асымбековду, юстиция министрлигине Марат Жаманкуловду, Өнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагалыгына Эмил Осмонбетовду сунуштады. Ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти комитетинин кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Белгилей кетсек, өкмөттүн мурдагы аппарат жетекчиси Мурат Мукамбетов 8-августта кызматынан кетип, ошондон бери бул орун бош турган. Ал эми Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Уланбек Рыскулов 7-сентябрда кызматтан бошотулган. Мурдагы юстиция министри Айнур Абдылдаева 7-августта кызматынан алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0