Өкмөттүн жаңы түзүмү парламентке эки айдын ичинде тааныштырылат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын өкмөтүнүн имараты. Архив
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комитет жыйынында Башкы штаб, Мамлекеттик каттоо кызматы сыяктуу мекемелердин статусун министрлик кылып өзгөртүү зарылдыгы бар экени айтылды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өкмөттүн түзүмүндөгү өзгөрүүлөрдү эки айдын ичинде парламентке алып келерин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти комитеттин жыйынында билдирди.

Тармактык комитеттин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов премьер Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы кызматка келгенде өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү керектигин айтканын белгиледи.

"Премьер-министр келери менен өкмөттүн курамын өзгөртүү керектигин айткан. Коргоо министрлигин Башкы штаб кылып коюп чоң ката кетириптирбиз деген. Азыр сырт жакка чыкканда биздин генералдарды эч ким теңине албай жатат. Башкы штаб деген кичинекей гана офис. Өрт чыкканда, согуш болгондо күч органдары бирдиктүү башкарууну колго алуу үчүн бириге калчу эле жер", — деди ал.

Очередное заседание правительства КР - Sputnik Кыргызстан
Бир айдан бери бош турган министрлик орунга талапкерлер сунушталды. Тизме
Шыкмаматов ошондой эле Энергетика министрлигин холдинг кылып түзүп коюу дагы одоно ката болгонун, Мамлекеттик каттоо кызматынын статусун комитет, керек болсо министрлик кылуу керектигин айтты.

"Энергетика министрлигине тийбегиле" дегенде парламенттен депутаттардын өпкөсүн үзүп койбодуңар беле. Кыргызстандын көзгө басар тармактарынын бири энергетика да, эң маанилүү тармакты холдинг кылып коюшкан. Эми ошону өзгөртпөйсүңөрбү! Мамлекеттик каттоо кызматына эле авто транспорт, кыймылсыз мүлк, архив, нике күбөлүгүн каттоо, жакында эми почтаны дагы бердиңер. Анда эмнеге аны кызмат кылып кармап отурасыңар, комитет же министрлик кылгыла да. Көзгө көрүнөр иштерди тездетсеңер", — деди депутат.

Өз кезегинде биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов өкмөттүн жаңы түзүмүн 15-сентябрда алып келип тааныштырылат деп айтылганын, бирок ага жетишпей калышканын маалымдап, 1,5 – 2 айга жетпеген убакыттын ичинде өкмөттүн курамын алып келебиз деп сөз берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0