Россиянын "Искандер-М" ракеталык комплекси Кыргызстанга жөнөтүлдү

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүIV Международный военно-технический форум "Армия-2018". День второй
IV Международный военно-технический форум Армия-2018. День второй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Искандер-М" ракетасы 500 чакырымга чейин учуп, аэродромдогу учактарды, тик учактарды атып түшүрүүгө ылайыкталган.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Россия "Искандер-М" ракеталык комплексин биринчи жолу Уралдан Кыргызстанга КМШ мамлекеттеринин террорго каршы окуусуна катышуу үчүн жиберди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Россиянын борбордук аскер округуна таянуу менен билдирди.

Ага ылайык, КМШ мамлекеттеринин күч түзүмдөрү "Ысык-Көл — антитеррор 2018" машыгуусуна катышат. Анын алкагында аскерлер "Эдельвейс" полигонунда террорчулар жашынды делген тоого ракеталарды таштайт.

"Искандер-М" ракетасы 500 чакырымга чейин учуп, аэродромдогу учактарды, тик учактарды атып түшүрүүгө ылайыкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0