Мамлекеттик комитетти жетектей турган Осмонбетов телевизор уурдаганбы?

CC BY 2.0 / flash.pro / Evening watching televisionОтключение аналогового телевидения в Кыргызстане
Отключение аналогового телевидения в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Рыскелди Момбеков эгер уурулук фактысы аныкталса Осмонбетов кызматтан кетүүгө даярбы деп кызыкты.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Депутат Рыскелди Момбеков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына сунушталып жаткан Эмил Осмонбетов геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директорунун орун басарлыгынан бошотулгандан кийин иш бөлмөсүндөгү телевизорду уурдап баратып, кароолчуга кармалып калганын айтып, маалыматтын канчалык туура экенине кызыкты.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында өкмөттүн аппарат жетекчиси-министри кызматына Шамилбек Асымбековду, юстиция министрлигине Марат Жаманкуловду, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Эмил Осмонбетовду дайындоого жактыруу маселеси каралып жатат.

"Сизди кызматтан кетип баратканда иш бөлмөсүндөгү телевизорду уурдап кетип, кароолчуга кармалып калып ызы-чуу болгон деп жатат. Бул боюнча эмне дейсиз?" — деп суроо салды депутат.

Депутаты Исхак Масалиев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Садыр Жапаровду соттогон судьяны парламентте жарга такады
Осмонбетов бул ага карата болуп жаткан кара пиар экенин, иш бөлмөсүндөгү бардык эмеректи тизме менен тапшырып бергенин айтты.

"Бул кара пиар. Иш бөлмөмдөгү бардык эмеректерди тизме менен тапшырып бергем, аны тастыктап бере алам", — деди Осмонбетов

Өз кезегинде Момбеков кармалып калганы боюнча актылар бар экенин айтып, "эгер алар далилденсе кызматтан кетүүгө даярдыгын" сурады.

Осмонбетов аны далилдөө кыйын болорун, ошентсе да тастыкталса иштен кетүүгө даяр экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0