Жогорку Кеңеш өкмөт башчы министрликке сунуштаган талапкерлерди колдоду

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловОтчет о работе правительства КР за 2017 год в ЖК
Отчет о работе правительства КР за 2017 год в ЖК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мухаммедкалый Абылгазиев талапкерлерди депутаттарга өзү тааныштырды.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган үч талапкерди колдоого алды.

Белгилей кетсек, бүгүн парламенттин жалпы жыйынында өкмөттүн аппарат жетекчиси-министри кызматына Шамилбек Асымбековду, Юстиция министри кызматына Марат Жаманкуловду жана Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Эмил Осмонбетовду жактыруу маселеси каралды.

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: өкмөттүн жаңы түзүмүн 2 айда алып келебиз деп айта албайм
Талапкерлерди премьер Мухаммедкалый Абылгазиев өзү тааныштырып, алардын кесипкөйлүгү жана тажрыйбасы сунушталып жаткан кызмат орундарына татыктуу экенин айтты.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов талапкерлерди аванс менен колдоп берүүгө чакырды.

Ал эми Мухаммедкалый Абылгазиев талапкерлерди колдоп бергени үчүн ыраазычылык билдирип, алар уят кылбай иштейт деген ишеничи бар экенин айтты.

Аталган талапкерлерди парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети карап, жалпы жыйындын кароосуна жөнөткөн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0