"Белиз гейт" боюнча документтер ачыкталбайт. Прокуратура себеби тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики
Здание Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү органдар атайын белгилерди алуу үчүн аракеттерди көрөрүн айтты.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев Белизден келди деген документтерге УКМК купуя сыр белгисин койгондуктан Жогорку Кеңештин жыйынында ал боюнча толук маалымат бере албай турганын билдирди.

Учурда депутаттар Белиз мамлекетинен келди деген документтер боюнча УКМК менен Башкы прокуратуранын маалыматын угуп жатат.

Дүйшөмбиев эгер УКМК документтерден купуя сыр деген белгини алып таштаса, бардык маалыматтарды берүүгө даяр экенин айтты.

Депутат Рыскелди Момбеков аталган эки мекеменин өкүлдөрү бекер эле чакырылганын белгиледи.

"Бул жерде жөн эле отурабыз. Купуя сыр деген белги турат. Толук маалымат беришпейт. УКМК менен Башкы прокуратураны бекер эле чакырыптырбыз", — деди ал.

Кожобек Рыспаев купуя сыр белгисин коюу негизсиз экенин, окуянын чоо-жайы элге деле дайын болуп калганын кошумчалады.

Жакында эле УКМК Белиз мамлекетинен эч кандай траст документтер келбегенин билдирген.

Өз кезегинде УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов жакын арада купуя сыр белгисин алуу боюнча аракеттерди көрүү боюнча сөз берди.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев аталган фактыда кылмыш иштеринин белгилери байкалбагандыктан Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тартканын айтты. Бирок көзөмөл органдын тийиштүү башкармалыгы бул иш боюнча токтомду карап, аны жараксыз деп таап, кошумча тергөө жүрүп жатканын айтып, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилерин кошумчалады.

Президент Алмазбек Атамбаев принял Председателя Госкомитета национальной безопасности - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура Белизден келген документтер боюнча иш козгоодон баш тарткан
Эске салсак, 2016-жылдын ноябрында УКМКнын ошол учурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, Борбордук Америкадагы Белиз мамлекетинин расмий органдарынан траст документтерин алганын маалымдаган

Ал документтер 2012-жылы апрелде "Альфа Телеком" ЖАКтын ошол учурга карата акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн (акциялардын 50%дан ашыгы) сатуудан түшкөн 50 миллион АКШ долларынан ашык суммасын "Саутфилд" компаниясынын (божомолдор боюнча анын ээси Максим Бакиев болуп саналат) алышына мурдагы жогорку кызматтагы үч адамдын кызыкдар болгонун тастыктай турганы айтылган.

Президент бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерүүнү башкы прокурорго тапшырганы маалым.

Парламенттин жыйынында Сегизбаев кеп "ата мекенчилер" Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов жөнүндө болуп жатканын айткан. Өз кезегинде аталган депутаттар күнөөсү жок экенин айтып, мындай аракетти саясий куугунтук катары баалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0