Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева кызматынан кетти

Жазылуу
Жогорку соттун төрайымын аппарат кызматкерлери расмий түрдө узатышкан.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева кызматынан кетти. Аны аппарат кызматкерлери расмий түрдө узатышты. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, төрайымдын үч жылдык мөөнөтү аяктады.

Белгилүү болгондой, Токбаева 2015-жылдын 22-сентябрында кызматына киришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0