Сеулда жаңжал чыгарган Зууракан Каденова кызматтан бошотулду

Жазылуу
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Сеулдун аэропортунда жаңжал чыгарган Зууракан Каденова эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынын бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Статуя Каина в саду Тюильри, Париж - Sputnik Кыргызстан
Ызы-чуу менен ээрден шыпырылгандар. Ким кантип кызматтан алынды
Бүгүн ЖК депутаты Аида Исмаилова Facebook баракчасына Сеулдан (Түштүк Корея) Алматыга уча турчу аба каттамы Кыргызстанда жогорку кызматта иштеген аялдын чыгарган чырынан кармалып калганын жазган болчу.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Сеул — Алматы каттамы боюнча уча турчу учакта жаңжал салып түшүрүлгөн жарандын аты Зууракан Каденова экенин билдирген.

Өз кезегинде КР президентинин маалымат кызматынын жетекчиси, маалымат катчы Толгонай Стамалиева Сеул шаарында учакта жаңжал чыгарды делген Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары өлкө башчысынын тууганы деген маалымат чындыкка туура келбей турганын айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0