Президент Жээнбеков АКШга учуп кетти. Иш сапардын максаты

Жазылуу
Жээнбеков БУУнун башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, уюмдун башкы катчысы Антонио Гуттериш жана башка мамлекеттердин башчылары менен жолугушат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йоркко учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жээнбеков БУУнун башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, уюмдун башкы катчысы Антонио Гуттериш жана башка мамлекеттердин башчылары менен жолугушат.

Ошондой эле ал БУУнун Даг Хаммаршельд атындагы китепканасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнү ачат.

Жаңылыктар түрмөгү
0