Каденова чуусу: элчи Кылычбек Султанды кызматтан алуу каралып жатат

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан. Архив
Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи Сеул шаарында маалымат жыйын өткөрүп, Зууракан Каденова чын эле мас абалында болгонун жана жогорку кызмат адамдары бул маалыматты чыгарба деген талап коюшканын маалымдаган.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын 24-сентябрь күнү өткөргөн маалымат жыйынына өз көз карашын билдирди. 

Эске салсак, дүйшөмбү күнү элчи Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, анда эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова чындап эле мас болгонун, бирок жогорку кызмат адамдары бул маалыматты чыгарба деген талап коюшканын айткан. 

"Биринчиден, бул кадамы менен Кылычбек Султан мамлекеттик кызматкердин ишмердүүлүгү боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды, дипломаттык этика нормаларын бузду. Экинчиден, ТИМде элчи дагы бир канча шарттарды бузган деп шектелген маалыматтар бар. Алардын бардыгы тастыкталса, чара көрүү үчүн тишелүү органдарга берилет", — деп айтылат Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

Бул кырдаалда министрлик өлкө жетекчилигине Кылычбек Султандын азыркы кызматында калуу боюнча маселени карап көрүү сунушун киргизүүнү ойлонуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0