Токон Мамытов мамлекеттик кызматтарда талбай иштеп келе жатканынын сырын ачты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов. Архив
Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда депутаттар акыйкатчылыкка талапкерлерди талкуулап жатышат.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары учурда акыйкатчылык кызматка талапкерлерди карап жатат. Депутат Дастан Бекешев (КСДП) талапкерлердин бири Токон Мамытовдон мамлекеттик кызматтарда секирик жасап, губернаторлуктан вице-премьерликке чейин кантип жеткенинин сырына кызыкты.

Токон Мамытов буга чейин аны кызматтарга дайындап келишкенин, бир гана акыйкатчы болуу үчүн арыз жазганын айтты.

"Буга чейинки кызматтарга мени дайындашты. Кайсы гана кызмат, жумуш бербесин — көчө шыпыргычтан тарта өкмөттүк кызматтарда иштин майын чыгара иштеп, көзүн билиш керек. Эл деп мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштесең, жетекчилер өзүлөрү эле "керт башын ойлобой мамлекетти ойлойт" деп алдыга жылдырат экен", — деди ал.

ЖК депутаты Лунара Мамытова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лунара Мамытова командировкага мыйзамсыз чыкканбы? Министрликтин жообу
Мамытов ошондой эле кайсы гана кызматка барбасын, колунан келишинче, акылынын жетишинче иштеп бергенин кошумчалады.

Дастан Бекешев ошондой эле "эмгек китепчеңизде мөөр койгонго орун калдыбы?" деп тамаша иретинде суроо салды. Өз кезегинде Мамытов эмгек баракчасынын эки гана барагы толгонун, дагы 17дей барагы бош турганын айтты.

Эске салсак, акыйкатчылык кызматка башында үч фракциядан беш талапкер көрсөтүлгөн, бирок талкуунун жүрүшүндө Маматурайим Момунов өзүнүн талапкерлигин чакыртып алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0