Избрание омбудсмена в ЖК

Токон Мамытов акыйкатчылык кызматка киришүү үчүн ант берди

104
(жаңыланган 13:35 28.09.2018)
Мамытов көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болуп акыйкатчылык кызматка шайланган болчу.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Акыйкатчылыкка шайланган Токон Мамытов Жогорку Кеңеште ант берди.

Төрага Дастан Жумабеков акыйкатчы ант берген күндөн тартып кызматана кирише турганын айтып, Токон Мамытовдун ант берүүсүн күн тартибине киргизип, ал депутаттардын колдоосун тапты.

Мамытов акыйкатчы кызматына киришип жатып, өз милдеттерин адилет жана ак ниет аткарууга, омбудсмен институтунун кадыр баркын төмөндөтүүчү иш аракеттерди жасабоого, мыйзамдарды жана адам укуктарын сактоого ант берди.

Белгилей кетсек, 26-сентябрда Токон Мамытов КР акыйкатчысы болуп шайланган. Анын талапкерлигин 79 депутат колдогон болчу.

104
Белгилер:
акыйкатчы, Токон Мамытов, Бишкек
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш КР акыйкатчылыгына Токон Мамытовду шайлады
Мамытов Бакиевдин башкаруусуна каршы чыгып ким ишин таштаганын айтты
Мамытов депутат чет элдин жараны экени тууралуу маалыматты ким бергенин айтты
Токон Мамытов: Жогорку Кеңештин депутаты Сулейманов башка мамлекеттин жараны