Президент Түштүк Кореядагы элчи менен ТИМдин билдирүүсүн иликтөөнү тапшырды

Жазылуу
Буга чейин элчи Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, ага Тышкы иштер министрлиги да көңүлүн бурган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгына Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан менен ТИМдин билдирүүсүн иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Кылычбек Султан жогорку кызматтарда иштегендер Кыргызстандан барган мамлекеттик кызматкердин Сеул аэропортундагы чыры боюнча маалыматты чыгарба деп талап койгондугун айткан.

Посол Кыргызстана в Малайзии Кылычбек Султанов - Sputnik Кыргызстан
Кылычбек Султан: Каденова мас болчу, ал тууралуу айтпа деп талап кылышкан
Эске сала кетсек, элчи ЖМКларга Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова мас болуп, анын айынан Сеул — Алматы каттамы менен уча турган учак кармалгандыгын билдирген. Ошондой эле элчиликке катталган Mercedes үлгүсүндөгү автоунаа дипломатиялык өкүлчүлүктүн карамагында жок экендигин жар салган.

Андан соң Тышкы иштер министрлиги элчи мамлекеттик кызматкер катары мыйзамда каралган жоболор менен дипломатиялык этиканын жөнөкөй талаптарын бузгандыгын маалымдаган. Министрлик элчиге байланыштуу башка маалыматтар да болушу мүмкүн экендигин, эгер аныкталса тийиштүү органдарга бериле тургандыгын кабарлаган. Ошондой эле ТИМ Султанды ээлеген кызматтан бошотуу маселеси карала тургандыгын кошумчалаган.

Жээнбеков аталган фактыларды изилдөөнү тапшырды. Президенттин аппаратынан суроолор дипломатиялык иштер боюнча гана эмес, мамлекеттик кызмат системасындагы жалпы маселелер боюнча да бар экендигин белгилешти.

Текшерүүнүн жыйынтыгы тыянак жана кеңештер менен өлкө башчыга берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0