"Кыргыз темир жолу" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Жазылуу
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп Канатбек Абдыкеримов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Государственная служба финансовой полиции КР - Sputnik Кыргызстан
Финпол жетекчисине жаңы орун басар дайындалды. Ал ким?
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Абылгазиев бүгүн башка жарлыгы менен "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен Алмазбек Ногойбаевди алган болчу

Жаңы жетекчи Канатбек Абдыкеримов буга чейин аталган ишкананын темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын директору болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0