Мамытов: кылмыш ишин кара жип, ак жип менен кантип токушарын жакшы билебиз

© Sputnik / Табылды КадырбековОмбудсмен Кыргызстана Токон Мамытов
Омбудсмен Кыргызстана Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Слесардан баштап генерал-лейтенантка жеткен, өзү айткандай ар дайым "май талкан" кызматтарды аркалап, эми өлкөнүн акыйкатчысы болуп шайланган Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Айтурган Сатиева менен маек курду.
Мамытов: кылмыш ишин кара жип, ак жип менен кантип токушарын жакшы билебиз

Маектешим учурдагы аткаминерлердин көбүн нувориш деп атап, элибиз элитаны эмес, мына ушундай нувориштерди сыйлап калгандыгынан өлкөнүн өнүгүүсү аксап жатат деген оюн билдирди. Ал ошондой эле акыйкатчы институтунун түзүлүшүнө кошкон өз салымы тууралуу да айтып берди.

Белгилей кетсек, 26-сентябрда Токон Мамытов КР акыйкатчысы болуп шайланган. Анын талапкерлигин 79 депутат колдогон болчу. 

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаМамытов: Күч түзүмдөрүндө иштегендер элдин укугун тескерисинче башкалардан мыкты коргойт
Избрание омбудсмена в ЖК - Sputnik Кыргызстан
Мамытов: Күч түзүмдөрүндө иштегендер элдин укугун тескерисинче башкалардан мыкты коргойт

— Акыйкатчылыкка барышыңыздын негизги себеби эмнеде?

Токон Мамытов Бахадыр Сулейманов башка мамлекеттин жараны экенин айтты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Токон Мамытовдун айыптоосуна депутат Сулеймановдун реакциясы
— Акыйкатчы институтунун тарыхына 16 жыл толду деп айтып жатабыз, бирок мен андан да мурда башталган дээр элем. 2000-2001-жылдары мындай институт тууралуу маселени алгач Эдил Байсалов көтөрүп чыккан. Ал кезде Байсалов өкмөттүк эмес уюмдун мүчөсү болчу. Андан кийинчерээк бул идеяны Жогорку Кеңештин депутаттары, анын ичинде Турсунбай Бакир уулу алып чыгып, талкуулап, 2002-жылы мыйзамды иштеп чыгышты. Анан албетте президентке, президенттен өкмөткө жөнөтүлдү, укук коргоо органдарынын сунушу менен көз караштарын сурашты. Ошентип 2000-2001-жылдары эксперттик топ түзүлдү. Мен ошол эксперттик топко анча-мынча аралашып калдым. Биринчи себеби ушул болду. Экинчиден, алгач омбудсмен институту башкача бир бийик деңгээлде ачылды эле, бирок тилекке каршы кийинки жылдары институт жакшы иштей албай койду.

Мен күч түзүмүндө, саясатта жүргөнүмдө деле бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, бул институттун жетекчилери келип, айрым маселелерди талкуулап турдук. Ошондо парламент, президент, жергиликтүү бийлик, жарандык коом колдоп жатса эмнеге иш алдыга жылбай жатат деп ойлондум. Анан башынан тааныштыгы бар адам катары, бул тармакка өз салымымды кошуп, иш алып барайын деп КСДП фракциясына арызым менен кайрылгам.

— Ишти эмнеден баштайын деп турасыз?

— Учурда коллектив менен таанышып, ар бир тиешелүү адистер менен сүйлөшүп жатам. Айрым жерлерде туура эмес жасалган иштер бар экен. Аларды оңдоп, карап чыгыш керек. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМамытов: Акыйкатчы институтунда туура эмес жасалган иштер бар экен. Аларды оңдоп, карап чыгыш керек
Избранный омбудсмен КР Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Мамытов: Акыйкатчы институтунда туура эмес жасалган иштер бар экен. Аларды оңдоп, карап чыгыш керек

— Акыйкатчыны тандоо учурунда сиз эл өкүлү Бахадыр Сулеймановдун кош жарандуулугу тууралуу айтып чыктыңыз, кененирээк токтолуп кетсеңиз?

Ата Мекен фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов: Текебаев президенттин ырайымы аркылуу бошонуудан баш тартты
— Мага бир күнү Кыргызстан элинин ассамблеясынан чоң бир папкага салынган документтерди алып келишти. Ага Казакстан ИИМинин бир бөлүмүнүн жетекчиси колун коюп, мөөрүн басыптыр. Анда "Бахадыр Сулеймановдун жарандыгы 2013-жылга чейин жарактуу" деп турат. Ошондой эле Бахадыр Сулейманов 2010-жылдын 12-октябрында, тактап айтканда шайлоодон бир күн өткөндөн кийин Казакстан жарандыгын өткөрүп берди деген кагаз турат. Мындай документтер колума тийгенден кийин тиешелүү органдарга билдирбесем болбойт эле. Анан ал документти алып келген жарандар деле "Мамытов кагаздарды эмне басып жатат" деп ойлойт да. Ошентип президенттин алдындагы жарандык комиссияга кайрылдым. Алардан "Сулейманов эч качан кыргыз жарандыгын алам деп кайрылган эмес" деген жооп келди. Ошонун негизинде прокуратурага кайрылуу жөнөттүм. Алар текшерип атабыз деген, эми жыйынтыгын күтөбүз.

— Сиз акыйкатчы болуп шайланган соң социалдык тармактарда "атайын кызматтын өкүлү, кантип укук коргойт эле" деген нааразычылыктар айтылды. Буга пикириңиз кандай?

— Мен ошол кишилерге суроо берет элем да, КМШ мамлекеттеринде омбудсмен болуп ким иштейт? БУУнун адам укугу боюнча комитетинин соттору ким?

Мисалга Россияны алалы, акыйкатчысы Москалькова айым, ал Россия ИИМинин генералы. Казакстанды айталы, омбудсмени Аскар Шакиров, ал дагы ИИМ, ТИМ, Бажы кызматында жетекчилик орундарды ээлеп турган. Ошондой эле Өзбекстан менен Тажикстанда да акыйкатчылыкка күч түзүмдөрүнөн барышкан. Европа мамлекеттеринде деле ушундай көрүнүш. Анан мени "КГБнын генералы экен, атып жүрүптүр, камап жүрүптүр" дегендери кара пиар, көрө албастык, ич күйдүүлүк деп эсептейм. Күч түзүмдөрүндө иштегендер элдин укугун тескерисинче башкалардан мыкты коргойт. Себеби кылмыш ишин кара жип, ак жип менен кантип токуп коюшарын биз жакшы билебиз. Анан мени өмүр бою май-талкан кызматтарда жүрөт дегендерге айтаарым, мен эненин мээримин, атанын кадырын билген баламын. Мен ошол май-талкан кызматтарга жетээрден мурун, аксакалдарды сыйлап, урматтап, колуна суу куюп жүрчүмүн. Кумгандагы сууга көлөчүндөгү ылайды жууп койчумун. Мени ата-энем ошентип тарбиялаган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМамытов: башынан тааныштыгы бар адам катары, бул тармакка өз салымымды кошуп, иш алып барайын деп КСДП фракциясына арызым менен кайрылгам
Омбудсмен Кыргызстана Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Мамытов: башынан тааныштыгы бар адам катары, бул тармакка өз салымымды кошуп, иш алып барайын деп КСДП фракциясына арызым менен кайрылгам

— Сиз атайын кызматтын өкүлүсүз, жакшы психологсуз, мыкты тыңчысыз. Ушул ыкмаларыңызды жашоодо колдоносузбу?

— Мага өкмөт атайын ошон үчүн маяна төлөп берчү да. Улуттук коопсуздук кызматта иштеп жүргөндө элдин кызыкчылыгын душмандар алдында коргоо максатында колдончумун. Жөнөкөй жашоодо кошунама же классташыма эмнеге колдонмок элем. Ал эми саясатта КГБдан өткөн жагдайлар болот. Анда ыкмалар жетпей да калат. Саясат — бул көп жүздүү нерсе. Буга саясат күнөөлүү эмес, ошол саясатка эки жүздүү, билими тайыз адамдардын барганы себеп.

Жаңылыктар түрмөгү
0