Экс-президенттерди кол тийбестиктен кантип ажыратуу керек. КП сунуш киргизди

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республики
Здание Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конституциялык палата "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын сунуштоодо.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Конституциялык палатасы (КП) укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүн карап чыгып, экс-президенттин кол тийбестиги боюнча норма Баш мыйзамга каршы келет деп тапты. Бул тууралуу КПнын сайтына жарыяланды.

Ата Мекен фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов: Текебаев президенттин ырайымы аркылуу бошонуудан баш тартты
Маалыматта "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 12-беренеси Баш мыйзамдын 16-беренесине (3-бөлүгү) каршы келери баса белгиленген.

КП судьялары учурдагы нормага ылайык экс-президент өлкө башчы болуп турган маалында жасаган иштери үчүн жооп бербей турганын белгилешүүдө.

Укук коргоочу Токтакунов дагы президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамда экс-мамлекет башчылардын кол тийбестигин алып салуу боюнча норма каралбай калганын айтып чыккан.

"Анткен менен иштеп жаткан президентти кызматтан алып (импичмент), жоопко да тартса болот", — деп белгилеген Токтакунов.

Сот залындагы айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев өзү менен кошо "ала кеткен" саясатчылар
Конституциялык палата "экс-президенттердин кол тийбестиги боюнча мыйзам Конституцияга каршы келбейт, болгону кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары каралбай калган" деп түшүндүрмө берди.

"Экс-президенттердин кол тийбестигин алып салууга жол берген процедуралар иштелип чыгышы керек, бирок ал учурдагы президентти кызматтан алуу процессиндей эле татаал болушу керек", — деп маалыматта белгиленген.

Конституциялык палата өкмөткө "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0