Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова. Архив

ЖК депутаты социалдык өнүгүү министрине "компромат" тапты

906
(жаңыланган 10:01 06.10.2018)
Кыргызстанда аткаминерлердин чет мамлекетке болгон сапарлары боюнча кеп-сөз кызуу талкууга алынууда.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова чет өлкөгө мамлекеттин эсебинен барган деген маалыматтар эми документ аркылуу далилденип жатканын Facebook баракчасына жазып чыкты.

Депутат Исакунованын Аргентина менен АКШга чыккан бир эле учурун мисал катары келтирерин айткан.

"Исакунова бул өлкөлөргө премьердин уруксаты жок барып келген. Кызыгы, ал ушул даталарга эмгек өргүү алган экен. Кийин ал иш сапары боюнча премьерге отчет берген эмес. Ал жакта балдарды сатуу боюнча орчундуу тема талкууланган экен. Менде булардын баарын далилдеген документтер бар", — деп жазды Касымалиева.

Белгилей кетсек, буга чейин Касымалиева министр Исакунова мамлекеттин эсебинен чет өлкөлөргө үй-бүлөсү менен чыгып жүргөнү тууралуу анонимдүү каттар келип түшкөнүн жар салган.

Эл өкүлү министрдин орун басары Лунара Мамытованы дагы чет өлкөлөргө мыйзамсыз чыгып жүргөн деп айыптаган.

906
Белгилер:
министр, депутат, Таалайгүл Исакунова, Аида Касымалиева, Кыргызстан
Тема боюнча
Эки айдан бери балама "сүйүнчү" ала албай жүрөм. Айтылбай турган сөз эле...
Лунара Мамытова командировкага мыйзамсыз чыкканбы? Министрликтин жообу