Лунара Мамытова кызматын тапшырат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель министра труда и социального развития Лунара Мамытова
Заместитель министра труда и социального развития Лунара Мамытова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лунара Мамытова азырынча комментарий берүүдөн баш тартып, мунун себебин кийинчерээк билдире турганын айтты.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Эмгек жана өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти.

Маалыматта ал өз эрки менен кызматын тапшырганы айтылат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Прокуратура Исакунова, Каденова, Мамытова кайсы жакка кантип барганын ачыктады
Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Лунара Мамытова менен байланышканда ал бул боюнча азырынча комментарий бербей турганын, мунун себебин кийинчерээк түшүндүрөрүн айтты.

Белгилей кетсек, депутат Аида Касымалиева министр Таалайгүл Исакунова жана орун басарлары кызмат абалынан пайдаланып адистер үчүн деп келген чакырууларды өзүлөрүнө каттатып чет өлкөгө чыгып жүргөнүн айтып чыккан. Бул боюнча Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп министрликти башкарган адамдар дипломатиялык паспортторду жеке кызыкчылыгына пайдаланганын аныктаган. Анда Лунара Мамытовадан да мыйзам бузуулар табылганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0