Эмгек жана социалдык өнүктүрүү имнистри Таалайгүл Исакунованын архивдик сүрөтү

Министр Таалайгүл Исакунова кызматынан алынды

1146
(жаңыланган 20:31 11.10.2018)
Аткаминер айымдын аты бир катар чуулуу иштерде аталып келген.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү имнистри Таалайгүл Исакунова кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Маалыматта Исакунова жумушунан өзүнүн берген арызынын негизинде бошотулганы айтылат.

Эскерте кетсек, буга чейин ЖК депутаты Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова чет өлкөгө мамлекеттин эсебинен барган деген маалыматтар документ аркылуу далилденип жатканын кабарлаган. Кийинчерээк министрдин өзү эле эмес, орун басарлары Лунара Мамытова менен Зууракан Каденова да өлкө эсебинен бир нече ирет чет өлкөлөргө чыгып келгенин айткан.

1146
Белгилер:
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Таалайгүл Исакунова
Тема боюнча
Лунара Мамытова кызматын тапшырат
Прокуратура Исакунова, Каденова, Мамытова кайсы жакка кантип барганын ачыктады
Пикирлер