ТИМ менен Кылычбек Султандын чырын Коопсуздук кеңеши иликтеди. Жыйынтыгы

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистерство иностранных дел КР
Министерство иностранных дел КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТИМдин системасында так кадрдык саясат жок экендиги айтылса, Кылычбек Султан Малайзияга мыйзамсыз каттап, Кореяда өзү менен чогуу жашабаган жубайына мамлекеттен акча алып жатканы аныкталды.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан айтып чыккан мыйзам бузуу фактыларын жана Тышкы иштер министрлигинин аны кызматтан бошотуу тууралуу жүйөсүн текшерип жыйынтыгын чыгарды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы өлкө башчынын кароосуна киргизилген.

Ага ылайык, элчи айыптаган министрликте мыйзам бузуулар болгондугу анык жана алар тиешелүү мамлекеттик органдардан алынган кошумча материалдар менен ырасталат.

"Иликтөө ТИМ системасында так кадрдык саясат жок экендигин, анын кесепетинен мезгил-мезгили министрликтен "кызматтык" мүнөздөгү маалыматтар жана документтер жарыкка чыгып кетип жаткандыгын көрсөттү. Кадрларды тандоодо жана орноштурууда жетекчиликтин олуттуу кемчиликтери аныкталды. Ошондой эле кызматкерлери мыйзам бузууларга барса жетишээрлик объективдүү реакция жасалбагандыгын белгилеп коюу зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кылычбек Султан Малайзияда жана Кореяда дипломатиялык миссияны жетектеп турганда кемчиликтерди кетиргени жана мыйзам бузууларга барганы такталган.

Митинг Анары Мамбеталиевой - Sputnik Кыргызстан
Коопсуздук кеңеши Анара Мамбеталиева жумуштан мыйзамсыз алынганын аныктады
— Кыргызстандын Кореядагы элчиси кезинде ал ТИМ менен макулдашпай туруп, Малайзияга жеке иштери менен каттап турган.

— "Дипломатиялык кызмат жөнүндө" мыйзамга ылайык, Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкери жолдошу менен узак убакыт иш сапарларда болсо, анын бир айлык акысынын 30 пайызы маянасына кошумча төлөнөт. Текшерүүнүн жүрүшүндө Султандын жубайынын Кореяда элчи менен чогуу жашаганын тастыктоочу документтер алынган эмес. Ага карабай ТИМ 2018-жылы элчинин жубайы үчүн 6,5 миң доллардан ашык каражатты негизсиз төлөп берген.

— Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигинин көзүн будамайлап, резиденцияда жашабай узак убакыт мейманканага жайгашкан. Бул финансылык мыйзам бузуу болуп саналат.

— Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча Султан мамлекеттик кызматта иштеп туруп, бир эле учурда "Супер", "Супер кроссворддор", "Супер сканворддор" гезиттери чарбалык субъектилеринин жетекчиси болгон.

— Малайзиядагы элчиликтее купуялуулук режимин камсыз кылуу инструкциясы орой бузулгандыгы аныкталды. Ал дипломатиялык өкүлчүлүккө өндүрүштүк практика өтүү үчүн Кыргызстандын жарандарын ТИМдин макулдугу жок кабыл алган.

— Малайзиядагы элчи кызматынан бошотулгандан кийин Кылычбек Султан жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Малайзиянын ТИМине 2019-жылдын февралына чейин жарактуу болгон "аккредитациялык карточкасын" өткөрүп бербей белгиленген тартипти бузган.

Министр труда и социального развития КР Таалайкул Исакунова - Sputnik Кыргызстан
Министр Таалайгүл Исакунова кызматынан алынды
— 2018-жылдын февраль айында Султан Facebook баракчасына жана дагы бир веб-сайтка Тышкы иштер министрлиги менен элчиликтин кат жазышуусун жайгаштырып, ал тургай ТИМдин элчиликке берген тапшырмасынын фотокөчүрмөсүн кошо тиркеген. Мунун өзү мамлекеттик кызматтагы расмий документтер менен иштөөдөгү иш ченемдерин бузуу жана жол бергис иш болуп саналат.

Тышкы иштер министрлигиндеги, ошондой эле Кылычбек Султандын элчилик ишмердүүлүгүндө аныкталган мыйзам бузуу фактыларын карап чыгып, укуктук баа берүү үчүн материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Эске салсак, Кылычбек Султан анда Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова мас болуп Сеулдагы учакта чуу салганын айтып, андан тышкары, министрликте кемчиликтер болгонун белгилеген. Кийинчерээк Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, жогорку кызмат адамдары бул маалыматты чыгарба деген талап коюшканын айткан. Андан соң ТИМ ал бир канча мыйзам бузууга барганын билдирген. Аягында президент Соорнобай Жээнбеков элчи менен ТИМдин билдирүүсүн иликтөөнү Коопсуздук кеңешине тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0