Лунара Мамытова кызматынан бошотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова. Архив
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев кол койгон.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев кол койгон.

Министр труда и социального развития КР Таалайкул Исакунова - Sputnik Кыргызстан
Министр Таалайгүл Исакунова кызматынан алынды
Буга чейин өкмөттүн маалымат кызматы Лунара Мамытова кызматтан кетүү боюнча арызын жазганын маалымдаган эле.

Белгилей кетсек, депутат Аида Касымалиева министр Таалайгүл Исакунова жана орун басарлары кызмат абалынан пайдаланып адистер үчүн деп келген чакырууларды өзүлөрүнө каттатып чет өлкөгө чыгып жүргөнүн айтып чыккан. Бул боюнча Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп министрликти башкарган адамдар дипломатиялык паспортторду жеке кызыкчылыгына пайдаланганын аныктаган. Анда Лунара Мамытовадан да мыйзам бузуулар табылганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0