араколдун мэри болуп шайланган Адыл Каниметов. Архив

Караколго экс-депутаттын уулу мэр болуп шайланды

327
(жаңыланган 17:09 13.10.2018)
Шаар башчыгына эки талапкер ат салышкан.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Караколдун мэри болуп Адыл Каниметов шайланганын шаардык кеңештин депутаты Азамат Айтбаев билдирди.

Каниметовго 18 депутат макулдугун берсе, экинчи талапкер Эрлан Айсаракунов 11 эл өкүлүнүн добушун ала алган. Ал эми Каракол шаардык кеңешинде жалпы жонунан 31 депутат бар.

Каниметовдун талапкерлигин КСДП, "Кыргызстан", "Республика — Ата Журт" жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары көрсөткөн. Айсаракунов "Табылга" партиясынан келген.

Жаңы мэр Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жанкороз Каниметовдун уулу. Ал 41 жашта, шаардын вице-мэри болуп иштеп келген.

Буга чейин Каракол шаарынын мэрлигин Данияр Арпачиев аркалап, өз ыктыяры менен жумушун тапшырып берген.

327
Белгилер:
мэр, Адыл Каниметов, Каракол
Тема боюнча
Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев кызматтан кетти
Лунара Мамытова кызматынан бошотулду
Пикирлер