Жыйналыштагы кызматкер. Архив

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин дагы бир орун басары кызматтан алынды

420
(жаңыланган 15:22 14.10.2018)
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Полотованын өз арызы боюнча отставкасын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алды.

Белгилей кетсек, депутат Аида Касымалиева министр Таалайгүл Исакунова жана орун басарлары кызмат абалынан пайдаланып адистер үчүн деп келген чакырууларды өзүлөрүнө каттатып чет өлкөгө чыгып жүргөнүн айтып чыккан. Бул боюнча Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп министрликти башкарган адамдар дипломатиялык паспортторду жеке кызыкчылыгына пайдаланганын аныктаган.

Буга чейин 11-октябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова жана анын орун басары Лунара Мамытова кызматынан бошотулган. Ага чейин Сеулдун аэропортунда жаңжал чыгарган Зууракан Каденова министрдин орун басары кызматынан алынган.

420
Белгилер:
кызмат, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Жылдыз Полотова, Кыргызстан
Тема боюнча
Абдылдаевдин артынан Кылычбек Султан да кызматынан бошотулду
Министр Таалайгүл Исакунова кызматынан алынды
Пикирлер