Чыңгыз Айдарбеков тышкы иштер министри болуп дайындалды

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаГлава МИД КР Чынгыз Айдарбеков
Глава МИД КР Чынгыз Айдарбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган кызматты Эрлан Абдылдаев аркалаган.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Буга чейин Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп келген Чыңгыз Айдарбеков тышкы иштери министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мындай Жарлыкка президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн жактырып, 101 эл өкүлү макулдугун берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0