Маданият министрлигин убактылуу ким жетектей турганы белгилүү болду

Жазылуу
Белгилей кетсек, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов каза болгондон бери ордуна эч ким дайындала элек.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин статс-катчы Бактыбек Секимов аткарууда.

Глава МИД КР Чынгыз Айдарбеков - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айдарбеков тышкы иштер министри болуп дайындалды
Белгилей кетсек, мурдагы министр Султан Жумагулов 8-октбярда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Ошондой эле Абылгазиевдин кол койгон буйругуна ылайык, Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин милдетин аткаруу статс-катчы Каныбек Абдиевге жүктөлдү. Аталган министрликтин жетекчиси Таалайкүл Исакунова менен үч орун басары тең кызматтан кеткен болчу. Таалайкүл Исакунова менен Лунара Мамытова эл өкүлү Аида Касымалиеванын айыптоолорунан кийин кызматтан алынса, дагы бир орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын аэропортундагы окуядан улам иштен алынган. Ал эми Жылдыз Полотова болсо өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0