Баш прокурор президенттин ар намысын эми анын уруксаты менен гана коргойт

Жазылуу
Президенттин ар намысын сотто коргоо үчүн өлкө башчы көзөмөл органына уруксат бериши керек. Болбосо башкы прокурордун аракети мыйзамсыз деп табылат.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстандын башкы прокурору президенттин ар намысын коргоо үчүн анын уруксатын алышы керек. Тиешелүү чечимди Конституциялык палата (КП) кабыл алды.

17-октябрь күнү КП эки коомдук уюмдун "КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу" мыйзамдын конституцияга туура келээр-келбесин текшерүү боюнча кайрылуусун караган. Талашка түшкөн нормада баш прокурор тарабынан президенттин ар-намысынын корголушу тууралуу маселелерди жөнгө салып келген.

Здание Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Экс-президенттерди кол тийбестиктен кантип ажыратуу керек. КП сунуш киргизди
Конституциялык палата президент жалпы элдин кызыкчылыгын эске алуу менен бийлик бутактарынын ишин координациялап турарын, мындан улам мамлекеттик системада өлкө башчынын орду жана ролу өзгөчө экенин белгилейт. Демек, мыйзам президенттин ар-намысын коргоо жараяны өзгөчө тартип менен өтүшүн камсыздайт.

Мамлекет жетекчисинин ар-намысын коргоо баш прокурорго жүктөлүп, кол тийбестиктин бир элементи болуп саналат. Баш прокурорго эч кандай артыкчылык берилбейт, доочунун бардык милдетин мойнуна алат.

Ал эми президенттин сыртынан же макулдугусуз эле ар намысын коргоо укугу ага өтө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

"Мындан улам баш прокурор президенттин ар намысын коргоо үчүн сотко өлкө башчынын уруксаты менен гана кайрыла алат. Эгер доодо моралдык зыян үчүн компенсация каралса, каражаттын суммасы да президент тарабынан аныкталышы керек", — деп айтылат маалыматта.

Конституциялык палата талашка түшкөн мыйзамдын президенттин уруксаты талап кылынбаган норманы гана конституцияга туура келбейт деп тапты.

Өкмөткө аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелөө тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0