КСДП Илмияновдун кармалышы тууралуу: ал эч кимден качкан эмес

Жазылуу
Илмиянов Россиянын аймагынан кармалып, Бишкекке алып келинген.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов эч кимден качкан эмес. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Жолдубаева партиянын өкүлдөрү Илмияновдун аялы менен байланышканда ал укук коргоо органдарынан үйүнө эч кандай билдирүү келбегенин жана эч ким телефон чалбаганын маалымдады.

КСДПнын өкүлү ошондой эле Илмияновду кармоодо шоу болуп жатканын кабарлады.

"Мындай шоунун элементтери түшүнүксүз болуп жатат. Илмиянов эч кимден качкан эмес. Ал Казанда жүргөнү тууралуу маалыматтар буга чейин ЖМКларга чыгып эле жүргөн. Тергөө саясий боексуз, акыйкат жүргүзүлүшү керек", — деди Жолдубаева.

Эске салсак, 18-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Илмияновду кармоо боюнча өкүм чыгарган. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, ал коррупцияга шектелүүдө. Илмиянов Россиянын аймагында кармалып, Бишкекке алып келингени тууралуу ишемби, 20-октябрда белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0