Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу эки жер талкууланды

Жазылуу
Тараптар Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы тилкелер тууралуу кеп кылышты.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Наманган облусунда Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары кезигип, чек аранын калган жерин делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулады. Бул тууралуу өлкө ТИМине шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Спецпредставитель правительства КР Курбанбай Искандаров - Sputnik Кыргызстан
Искандаров кыргыз-өзбек чек арасынын канчасы тактала электигин айтты
Талаптар Фергана менен Баткен облустарынын аймагындагы Шахимардан тилкеси жана Наманган менен Жалал-Абаддын ортосунда жайгашкан Кандион-Булок тилкелерин тескеп, сүрөттөштү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протокол түзүлдү.

Эске сала кетсек,  Өзбекстан менен 1388 чакырымга созулган чек ара тилке болсо, анын беш пайызы такталып, аягына чыга элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0