Атамбаевдин жансакчылары азайдыбы? УКМКнын жообу

© Фото / пресс-служба СДПКЭкс-президент, КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев. Архив
Экс-президент, КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП экс-президент жансакчыларынын санын бир кыйла эле азайтканын билдирген болчу.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Экс-президент, КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев жансакчыларынын санын кыскартты деген маалымат чындыкка коошпой турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда мурдагы президенттин жансакчыларынын саны азайганы тууралуу маалымат тараган. КСДПнын маалымат кызматы экс-президентти кайтаргандардын саны бир кыйла эле кыскарды деп түшүндүрмө берген болчу.

УКМКнын билдиришинче, мурдагы өлкө башчысын кайтаргандардын саны өзгөргөн эмес.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда экс-президенттердин жансакчыларынын саны кыскарган. Азыр Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаеванын жансакчыларынын саны бирдей. Аларды мамлекеттик кайтаруу кызматынын балдары кайтарат", — деп УКМКдан маалымдашты.

Ошол эле учурда мурдагы мамлекет башчыларын канча киши кайтара турганы айтылбайт.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Россияга учуп барат. Кайта 28-октябрда кайтып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0