Бош турган министрликтердин башчылыгына талапкерлер сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖКнын экс-депутаты Улукбек Кочкоров. Архив
ЖКнын экс-депутаты Улукбек Кочкоров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки министрликтин башчысыз тургандыгына бир нече күн болгон.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башчылыгына ЖК депутаты Улукбек Кочкоровдун, ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Азамат Жаманкуловдун талапкерлигин сунуштады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жаманкулов буга чейин аталган министрликтин жетекчисинин орун басары болуп, Туризм департаментин жетектеп келген.

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов
Глава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Глава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов

Ал эми Кочкоров 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышкан.

Мужчина с портфелем. - Sputnik Кыргызстан
Министр боло калам деп чырга кабылып... ЖКнын "атагы чыккан" экс-депутаттары
Министрлер кабинетинин мүчөсү кызматтан алынып же отставкага кеткен учурда өкмөт башчы жаңы талапкерди Жогорку Кеңешке сунуштап, тийиштүү токтом чыккандан кийин президент үч күндүн ичинде жарлык чыгарышы керек.

Эскерте кетсек, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова менен үч орун басары тең кызматтан кеткен болчу. Таалайкүл Исакунова менен Лунара Мамытова эл өкүлү Аида Касымалиеванын айыптоолорунан кийин кызматтан алынса, дагы бир орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын аэропортундагы окуядан улам кызматынан кеткен. Ал эми Жылдыз Полотова болсо өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Ал эми маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов оорудан каза тапкан

Жаңылыктар түрмөгү
0