Жунушалиев ИИМдеги "келемиштер" тууралуу айткан депутаттын сөзүнө жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековИчки иштер министри Кашкар Жунушалиев. Архив
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жума мурда ЖК депутаты Искендер Матраимов ИИМ менен Финансы министрлигинде "келемиштер" отургандыктан бийлик "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыра албай жатканын билдирген.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйын учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун ИИМ боюнча айткан жагымсыз пикирин эскертип өттү.

16-октябрь күнү Матраимов ИИМ менен Финансы министрлигинде "келемиштер" отургандыктан бийлик "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыра албай жатканын билдирген. Укук коргоо органдарынын ардагерлери эл өкүлүнөн бул боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап этип, "келемиштерди" атагы чыккан тааныштарынын арасынан издеп көрүүнү сунуштаган.

"Милициянын намысын биздин ардагерлер коргоп чыгат, анткени аларга мындай айыптоо оор тийди. Алар опол тоодой иштерди аткарып келет. Депутаттын сөзүнө комментарий берүү туура эместир, ал "келемиштер" жөнүндө сүйлөп жатып эмнени айткысы келгенин прессага түшүндүрүп берди. Биздин ардагерлер өздөрүн элита деп эсептеген адамдар бир нерсе айтаар алдында ойлонуп сүйлөш керектигин эскертти окшойт", — деди Жунушалиев.

Кашкар Жунушалиев Ички иштер министрлигин үстүбүздөгү жылдын 2-июнунан тарта жетектеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0