Экс-президент, председатель Социал-демократической партии Кыргызстана Алмазбек Атамбаев и лидер фракции СДПК Иса Омуркулов. Архивное фото

Жолдубаева: "Атамбаевсиз КСДП" жыйындарынын артында чоң күчтөр турат

1391
(жаңыланган 23:41 26.10.2018)
Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар жер-жерлерде "Атамбаевсиз КСДП" деген жыйындардын өтүп жаткандыгын жазган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. "Атамбаевсиз КСДП" деген аталыштагы жыйындын артында чоң күчтөр турганын жана алар партияны бөлүп-жаргысы келип жатат деген пикирин Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске салсак, буга чейин партиянын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдрахманов социалдык тармактагы баракчасына КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен Ысык-Көлдө өткөн конференцияда шайланып, бекитилген координаторлор менен жолуккандыгын жазып, сүрөтүн чыгарган. 

Снимок с соцсети Facebook пользователя Сагынбека Абдрахманова
© Facebook
Снимок с соцсети Facebook пользователя Сагынбека Абдрахманова

Жергиликтүү ЖМКлар жер-жерлерде "Атамбаевсиз КСДП" деген жыйындардын өтүп жаткандыгын жана ага КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов катышкандыгын жазып чыгышкан.

"Иса Өмүркулов менин билишимче бул маалыматты өзү тастыктай элек. Ушул тапта партиянын айланасында болуп жаткан көрүнүштөр КСДПнын 25 жылдык тарыхында биринчи жолу болуп жаткан жок. Мурда деле саткындар, бийлик менен манпсапка гана кызыккан уйгактар болуп келген. Тилекке каршы, дагы деле бар экен. Азыркы болуп жаткан оюндардын артында чоң күчтөр турат. Алар партияны бөлүп-жарганга кызыкдар. Бирок бул ыплас кыймыл-аракеттерден майнап чыкпайт. Анткени КСДПны Атамбаевсиз элестетип болбойт", — деди Жолдубаева.

Аталган иш-чарага катышкан-катышпагандыгы тууралуу Иса Өмүркулов өзү комментарий берүүдөн баш тартты.

1391
Белгилер:
жыйын, КСДП фракциясы, Кундуз Жолдубаева, Иса Өмүркулов
Тема боюнча
Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен түшкөн селфисин жарыялады
Ош шаары. Архив

Ош облусун Жылкыбаевдин орун басары Юсупов жетектеп турмай болду

219
Бүгүн облус жетекчиси шайлоого аттанып жаткандыктан кызматтан кетүү арызын жазган. Өкмөт башчы анын арызын кабыл алып, милдетин орун басарына жүктөдү.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп убактылуу Байыш Юсупов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Ысык-Көлдүн мурунку башчысы Акылбек Осмоналиев башка ишке которулду

Эске сала кетсек, буга чейин Ош облусунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев шайлоого аттанып жаткандыктан кызматтан кетүү арызын жазган.

Боронов анын арызын кабыл алып, убактылуу милдетин аткарат деп биринчи орун басары Байыш Юсуповду дайындады.

219
Белгилер:
дайындоо, өкмөт, Узарбек Жылкыбаев, Байыш Юсупов, Кубатбек Боронов, Ош
Тема боюнча
Бишкектин вице-мэри Кузнецова кызматтан кетип, ордуна Мозгачева келди
Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаев кызматтан кетти
Президент Сооронбай Жээнбеков маек учурунда

Чек ара чырларына качан чекит коюлат? Президент Жээнбековдун жообу

269
(жаңыланган 18:09 08.08.2020)
Президенттин айтымында, Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араны тактоо иштери уланууда. Бирок ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын көздөгөндүктөн маселе дароо чечилбей жатат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мамлекеттик чек аранын айланасындагы чыр-чатак, маселелер боюнча президент Сооронбай Жээнбеков өз оюн айтты. Өлкө башчы "Биринчи радиого" маек берген.

Анда журналист кече жакында кыргыз-тажик чек арасындагы жагымсыз окуяны эске салып, мындай учурларга качан чекит коюларын жана чек араны тактоо иштери кандай жүрүп жатканын сураган.

Жээнбеков белгилегендей, чек ара маселесин чечүүдө биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыктары эске алынышы шарт.

"Ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын көздөйт. Бул маселенин татаалдыгы да мына ушунда. Азыр коңшулаш Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араны тактоо иштери уланууда. Өкмөттөр аралык жумушчу топтор тынымсыз байланышта иштеп жатышат. Иш жакшы башталган, коронавирус илдети муну токтотуп койду. Буюрса улантабыз", — деген президент.

Кыргыз-тажик чек арасында жаракат алгандардын абалы айтылды

Ал тажик лидери Эмомали Рахмон менен кандай гана аянттарда жолугушпасын, чек ара маселесин дайыма талкуулай турганын айткан.

"Жылыштар бар, бирок маселе жогоруда айткандай, чечиле элек. Анткен менен эки өлкөнүн ортосунда түшүнүү бар. Чек ара маселесинен келип чыккан чыңалууну кээде турмуштук, тиричилик маселелер да курчутуп жиберет. Ошондуктан жергиликтүү бийлик эл менен тыгыз байланышта иштеп жатат. Вице-премьер Акрам Мадумаров ушул боюнча иштейт, ал мурда Баткенди башкаргандыктан көйгөйдү жакшы билет", — деди президент.

Ошондой эле чыңалууну азайтуу максатында чек арага чектеш жерлерде социалдык-экономикалык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалаган. Мындай иштер бюджет тартыш болуп турганда дагы токтобойт деди.

269
Белгилер:
маек, көйгөй, чек ара, Сооронбай Жээнбеков, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кайрадан ок атылды. Баткенде чек арага жакын айылдын тургуну жарадар болду
Кечээ Баткенде чек арада жарадар болгон экинчи адамга ок Тажикстан тараптан атылган
Бейрутта нааразычылык акциясы

Бейруттагы митингдер күч алды. Акыркы маалыматтар видеодо

0
(жаңыланган 00:44 09.08.2020)
Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасын жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бейрутта нааразычылык акциясына чыккандар бир нече министрликти басып алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасын жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда.

Буга чейин митингчилер ТИМдин имаратына кирип, артынан полиция барганы айтылган. Айрым маалыматтарга караганда, тартип сакчылары элди кууш үчүн ок чыгарган. Бирок расмий тараптар бул маалыматты төгүндөп жатат.

Жеринде тартылган видеолор RT Телеграм-каналында жана Твиттерде жарыяланып жатат.

Акыркы маалыматтарга караганда, жабыркагандардын саны 170ке жетти. Бир нечеси ооруканага жеткирилди.

Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты

Ошондой эле бир полиция кызматкери өлгөнү маалым болду. Ал Le Grey мейманканасындагы кагылышууда жаракат алган.

Өлкөнүн премьер-министри Хассан Диабдын элге кайрылуусунда өкмөттүн эмки жыйынында мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштай турганын айтты. Анын пикиринде, ушул чечим гана өлкөнү кризистен куркарып кала алат.

​Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору болгон Бейрут шаарындагы портто катуу жарылуу болгон.

0
Белгилер:
полиция, эл, митинг, жарылуу, Бейрут
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Бейруттагы жарылуу төрт оорукананы талкалады. Жабыркагандар жардамга муктаж
Бейрутта ири жарылуудан кийин нааразычылык акциясы башталды. Видео