Президент Сооронбай Жээнбеков аскер кызматкерлеринин өз аскердик милдетин жетиштүү деңгээлде аткаруусун камсыздоо боюнча командалык курамдын жетишсиз жумушун белгиледи

Жээнбеков: кылмыштардын көбөйүшү армиянын аброюна терс таасирин тийгизүүдө

135
(жаңыланган 16:48 27.10.2018)
Мамлекет башчы өзгөчө аскердик комиссариаттардын кызматтык адамдарынан акча каражаттарын талап кылуу фактыларына көңүл бурду.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков аскер кызматкерлеринин өз аскердик милдетин жетиштүү деңгээлде аткаруусун камсыздоо боюнча командалык курамдын жетишсиз жумушун белгиледи. Бул туурасында мамлекет башчысы КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев жана КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев менен жумушчу кеңешме өткөрүп жатканда айткан. Маалыматты басма сөз кызматты таратты.

  • Президент Сооронбай Жээнбеков аскер кызматкерлеринин өз аскердик милдетин жетиштүү деңгээлде аткаруусун камсыздоо боюнча командалык курамдын жетишсиз жумушун белгиледи
    Президент Сооронбай Жээнбеков аскер кызматкерлеринин өз аскердик милдетин жетиштүү деңгээлде аткаруусун камсыздоо боюнча командалык курамдын жетишсиз жумушун белгиледи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Бул туурасында мамлекет башчысы КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев жана КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев менен жумушчу кеңешме өткөрүп жатканда айткан
    Бул туурасында мамлекет башчысы КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев жана КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев менен жумушчу кеңешме өткөрүп жатканда айткан
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Кеңешмеге КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты
    Кеңешмеге КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин өз аскердик милдетин жетиштүү деңгээлде аткаруусун камсыздоо боюнча командалык курамдын жетишсиз жумушун белгиледи.
    Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин өз аскердик милдетин жетиштүү деңгээлде аткаруусун камсыздоо боюнча командалык курамдын жетишсиз жумушун белгиледи.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 4
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков аскер кызматкерлеринин өз аскердик милдетин жетиштүү деңгээлде аткаруусун камсыздоо боюнча командалык курамдын жетишсиз жумушун белгиледи

Кеңешмеге КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты.

Дүйшенбиев Куралдуу Күчтөрдүн ишмердиги жана ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин өз аскердик милдетин жетиштүү деңгээлде аткаруусун камсыздоо боюнча командалык курамдын жетишсиз жумушун белгиледи.

Акыркы мезгилде аскердик кылмыштардын көбөйүшү армиянын аброюна терс таасирин тийгизип жатканы белгиленди. Бул фактылар жеке курамды окутууда командирлердин кесипкөйлүгүнүн жетишсиздигинен, аскердик мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштиктүү системанын жоктугунан болуп жатканы айтылды.

Жээнбеков Куралдуу күчтөрдөгү өзгөчө аскердик комиссариаттардын кызматтык адамдарынан акча каражаттарын талап кылуу фактыларына көңүл бурду. Ал аскердик командачылыкка күнөөлүү адамдарга карата өз убагында чечкиндүү аракет кылууну тапшырды.

КР Башкы штабынын башчысына өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн командачылыгы менен кеңешме өткөрүп, мындан ары аскердик кылмыштарды болтурбоо боюнча иштиктүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, жумушчу кеңешменин жүрүшүндө аскердик-техникалык кызматташуунун жана республиканын коргоо-өнөр жай комплексинин ишканаларын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

135
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, армия, куралдуу күчтөр
Тема боюнча
Африкадан Кубага чейин. Канттагы аскер базанын мурдагы вазийпасы кандай эле
Бишкекте 3 чакырымга чуркаган аскер эсин жоготуп, ооруканага жетпей көз жумду
Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков. Архив

Нарындын мэри шайлоодогу коррупциялык иштерге шектелип кармалды

32
УКМК маалымдаган Б.С. инициалдарына Самарбек Болотбековдун аты-жөнү туура келүүдө. Ал мурда Свердлов районунун акими болуп, кийин Нарын шаарына жетекчи катары жиберилген.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. 2020-жылкы парламенттик шайлоонун жүрүшүндөгү алдамчылык фактысы менен Нарын шаарынын мэри кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Буга чейин аталган шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алган деген шек менен "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Ч.Р. кармалган. Укук коргоо органдары жабырлануучу ири өлчөмдө чыгым тартканын айткан.

"Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында далилдүү материалдар чогултулуп, Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, азыр Нарын шаарынын мэри Б. С. жогорудагы ишке аралашкан деген шек менен кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул иш боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнө ("Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун") ылайык өндүрүш ачылган.

Б.С. инициалдарына Самарбек Болотбековдун аты-жөнү туура келүүдө. Ал мурда аталган райондо аким болуп, кийин Нарын шаарына жетекчи катары жиберилген.

32
Белгилер:
Нарын шаары, мэр, коррупция, шайлоо, УКМК
Тема боюнча
УКМК: чек ара кызматкери досунун өлүмүнө шектелип кармалды
АКШнын жана Франциянын желектери. Архив

Франция тарыхта алгачкы жолу АКШ менен Австралиядагы элчилерин чакыртып алды

80
(жаңыланган 15:17 18.09.2021)
Өтүп бара жаткан аптада Улуу Британия, АКШ жана Австралия коргонуу жана коопсуздук боюнча AUKUS уюмунун түзүлгөнүн жар салышты. Мындан улам Австралия Франция менен суу алдындагы кемелер боюнча келишимди токтото турганын билдирди.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Франция Канберра менен суу алдындагы кемелер боюнча келишими жокко чыгарылганына байланыштуу тарыхта биринчи жолу АКШ жана Австралиядагы элчилерин консультация үчүн чакыртып алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

ШКУ мамлекеттеринин жогорку сот жыйынына даярдык. Архив
© Фото / Фотохост-агентство sco-russia2020.ru/ Евгений Биятов
Өтүп бара жаткан аптада Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, АКШ президенти Жо Байден жана Австралиянын өкмөт башчысы Скотт Моррисон коргонуу жана коопсуздук боюнча AUKUS уюмунун түзүлгөнүн жар салышты. Мындан улам Австралия Франция менен суу алдындагы кемелер боюнча келишимди токтото турганын билдирди.

56 миллиард еврого бааланган бул келишимдин алкагында Barracuda классындагы 12 сокку уруучу суу алдында жүрчү кеме курулмак. Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Австралиянын бул кадамын "далыга бычак саюу" катары баалап жатат. Ошондой эле Франция Канберра менен Вашингтондон расмий түшүндүрмө күтүүдө.

Австралиянын тышкы иштер министри Марис Пейн Франция өз элчисин консультация үчүн чакыртып алганын өкүнүү менен кабыл алганын билдирди.

"Франция биздин чечимди оор кабыл алганы түшүнүктүү. Бирок биз алар менен мамилебизге чоң маани беребиз. Бул өлкө менен башка маселелер боюнча тил табыша алабыз деп ишенем", — деди Пейн.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Эмили Хорн Франциянын өз элчисин чакыртып алышы боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, АКШ эч бир жагдайга карабай Францияны өзүнүн эң туруктуу өнөктөшү деп эсептейт.

80
Белгилер:
Франция, Австралия, АКШ, элчи
Тема боюнча
"Болуп көрбөгөндөй жеңилүү": НАТО өзүн жок кылууда
Лавров: Байдендин башка өлкө ишине кийлигишпейли деген сунушун колдойбуз
Поезд. Архив

Бишкекте жүк ташыган поездге урунуп 21 жаштагы жигит каза тапты

9
(жаңыланган 18:55 18.09.2021)
Жигит поезддин берген сигналына маани бербегени айтылды. Машинист поездди токтоткону менен жаран ага урунуп көз жумган.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте жүк ташуучу поездге урунуп жаш жигит каза болгонун "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.

Маалыматта кырсык саат 10.12лер чамасында Жаш гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгону айтылды.

"Алдын ала маалымат боюнча, темир жол менен бараткан Р. уулу Э. сигналга маани бербей койгон. Машинист поездди ыкчам токтоткон, бирок жаран поездге урунуп каза болгон", — деп жазылат билдирүүдө.

Маркумдун 21 жашта экени белгилүү болду.

9
Белгилер:
поезд, темир жол, машинист, Бишкек
Тема боюнча
Бишкек: жарыш учурунда Nissan GT-R унаасы тосмого кадалып, талкаланды. Видео