БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жаңы депутатына мандат берилди деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК).
Анын ордуна депутаттык мандатка кийинки тизмеде турган Нурбек Тотонов ээ болду. Ал 41 жашта, Кыргызстандын оор атлетика боюнча федерациясынын президенти.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. УКМК Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурдагы башчысы Калысбек Жумакановду кайрадан кармап, тергөө абагына киргизди. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Алгачкы жолу Жумаканов УКМК тарабынан былтыр октябрда кармалган. Анда ири мүйүздүү жана майда малга вакцина, биопрепараттарды сатып алууда бюджеттик каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткени белгилүү болгон. Мамлекетке болсо 31 миллион сом чыгым келтирилгени аныкталган. Бирок Жумаканов ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Жумаканов жетекчи болуп турганда 2017-жылдан 2020-жылга чейин 90 миллион сомго ветеринардык дары-дармектерди алуу боюнча пайдасыз келишимдер түзүлгөн.
Мындан тышкары, квалификациялык талаптарга жооп бербеген жана милдеттүү сынактан өтпөгөн кишилерди жумушка алган. Ошондой эле кызматкерлер сый акы алганда опузалап акча талап кылып турушканы аныкталган.
Тергөө уланууда.
Глобалдык көзөмөлдүн максаты — америкалыктардын мекенинде жай жана ток жашоосу. Бирок документтин текстинде бөлөк өлкөлөргө каршы ачык агрессия так байкалат. Вашингтондук адмиралдардын көздөгөнү эмне? Жаңы жарыяланган документти Николай Протопопов талдап чыккан.
Жаңы пландын авторлору баса белгилегендей, америкалык флот АКШ жарандарынын коопсуздугу жана турмушуна коркунуч туудурган узак мөөнөттүү атаандаштыкка тартылды. Аскердик-деңиз күчтөрүнүн командачылыгы бир мүнөттү да текке кетирбөөгө тийиш: жаңы аяк баскан он жылдыкта гана тургай, XXI кылым бою күчтөрдүн тең салмактуулугун сактоо үчүн кызуу аракетте болуу абзел. Глобалдык тынчтыктын (тынч абалдын) негизги атаандаштары жана ага "бүлүк салгандар" — Россия жана Кытай.
Америкалык адмиралдардын пикиринде, бул мамлекеттер узак убакыт бою бүт дүйнөгө пайда алып келип турган деңиздеги эркиндикке бүлгүн салууда. Москва жана Пекин территориалдык суулардын чегинен тыш баалуу деңиз ресурстарына чыгууну "адилетсиз көзөмөлдөөгө" тырышып, "өз талаптарын күч менен таңуулап коңшуларды чочулатууда", "эң маанилүү суу жолдорун ыраакка атылуучу ракеталар менен мээлеп турат".
Пентагондогулар россиялык флот бүт дүйнө боюнча активдүүлүгүн күчөтүп, Кошмо Штаттардын жээктерине улам жакындай күчтөрүн жайгаштырып жатканын белгилешет. Ошондуктан "Россияны ынанымдуу көзөмөлдөө зарыл" имиш.
Өтө тездик менен өнүгүп келе жаткан кытайлык флот да тынчсыздануу жаратат. Америкалык талдоочулардын пикиринде, бул – дагы дүйнөдөгү ири флот. Пекин Вашингтонго жана анын союздаштарына чакырык таштап жаткандай, ошондой эле эң курч жана узак мөөнөттүү коркунучка айланууда. Ошол эле учурда АКШ — деңиз державасы экени жана анын өркүндөшү, коопсуздугу деңиздеги артыкчылыгын сактоо жөндөмүнө жараша болору белгиленет. Ал үчүн өз аскердик-деңиз күчүн (АДК) "Дүйнөлүк океандын булуң-бурчуна" жайылтууга тийиш.
Америкалыктар эл аралык укук жол берген бардык жерде сүзүүнү, учууну, ошондой эле дүйнөнүн ар кыл аймактарында "атаандаштарынын деңиз жаатындагы амбициясын" ооздуктоо жана алардын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн зыянсыздандыруу үчүн күчтөрүн жайгаштырууну уланта бермекчи.
Баллистикалык ракеталуу суу түбүндөгү атомдук кайыктар "АКШны өзөктүк кол салуудан коргоодо". Ал эми атайын операциялардын күчтөрү "эң күчтүү душмандын да шаштысын кетирүүгө даяр". Адмиралдар АДК жердеги күчтөргө колдоо көрсөтүү үчүн каалаган жээгине десантты жеткире алат.
Аскердик-деңиз күчтөрү агрессияны ооздуктоо үчүн тийиштүү бардык, анын ичинде "адаттан тыш" каражаттарга да ээлик кылат. Атап айтканда, мында кеп маалыматтык, кибернетикалык технологиялар жана деңизден, суу түбүнөн жана абадан чабуул жасоого мүмкүндүк берчү куралдар жөнүндө болууда.
Жакынкы жылдары деңиздеги заманбап тиреште маанилүү ролду АКШ жасалма интеллектке табыштайт. Мындай системалар согушта майнаптуулугун жана артыкчылыгын айгинелей алышты. Ошондуктан флот массалык пайдалануу менен заманбапташтырылмакчы.
Учкучсуз деңиз платформалары да "өтө маанилүү". Алар чалгындоодо, байкоо салууда флоттун чабуул коюучу мүмкүнчүлүктөрүн арттырат. Аскердик-деңиз күчтөрүнүн ички курамы он жылдыктын соңунда роботтоштурулган аппараттар менен тыгыз байланышта ишенимдүү жана шайкештикте иш алып барууга тийиш.АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн командачылыгы коюлган пландарынын баарын жүзөгө ашыруу үчүн флот чыңдап жана кеңейтүү керек. Жогорку чабуул коюучу мүмкүнчүлүктөрү бар суу түбүндөгү атомдук кайыктар жана суудагы кемелер көбүрөөк талап кылынат. Анан да жаңы кемелер "Созвездие" классындагы келечектүү фрегаттар сымал чакан болуусу абзел.
Пентагон авиаташуучуларды да эсептен чыгарбайт. Мурдагыдай эле ал – Аскердик-деңиз күчтөрүнүн сыймыгы, күчтү көрсөтүүнүн негизги инструменти. Флоттун суу түбүндөгү күчтөрүнүн да өзгөчө мааниси белгиленет. Мында "Колумбия" классындагы атомдук стратегиялык субмариналарга, ошондой эле көп буталуу "Виржиния" суу түбүндөгү кайыктарга артыкчылык берилет.
Аскердик-деңиз күчтөрүнүн командачылыгы бир техника менен гана чектеле албайт. Ички курамды да кылдат окутуп, анын ичинде душмандын жүрүм-турумунун чоо-жайын жакшы түшүнүүнү үйрөтүү зарыл.
Адмиралдардын айтымында, "моряктар тек гана байкоо салып жана коркунучтарга ыкчам чара көрүп гана тим болбостон, каршылаш тараптардын аракеттерин ички туюм менен аныктай алууга тийиш. Буга тигил же бул өлкөнүн жарандарынын менталитетинин өзгөчөлүктөрүн терең билиши көмөкчү болот".
"Алдыдагы болжолдуу жаңжалдардын" сценарийлерине дүйнө жүзү боюнча – Ыраакы Түндүктөн Тынч океандын батыш бөлүгүндө дейре аймактарда машыгышат. Маселен, быйыл АКШ АДК десанттык операциялар менен бир нече авиаташуучу топтун ири масштабдуу машыгууларын өткөрмөкчү. Ага алгач ирет чалгындоочу жаңы куралдарды жана маалыматтык ресурстарды колдонуучу чакан тактикалык кибер-топтор катышат. Адмирал Гилдей бул машыгуулар "соңку тарыхта болуп көрбөгөндөй" масштабда өтөрүн жар салган.Маалыматтык жана санарип технологиялар АКШнын аскердик-деңиз күчтөрүнүн чордонунда. Аларсыз эми согуштук аракеттер мүмкүн эмес. Санарип баарын чечет, деңиз жана кургактагы согушту ыкчам жана майнаптуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Аскердик-деңиз күчтөрүндөгүлөр боолгологондой, "АКШнын душмандары флоттун коргонуусун ири сандагы ракеталар менен алсыратууну болжошот". Ошондуктан Пентагон суу түбүндөгү кайык жана деңиз учкучсуздарын табуучу көптөгөн стационардык жана мобилдик системаларды ишке аралаштырат, учак жана кемелердин коргонуусун күчөтөт. Ошону менен бирге эле жакынкы согушта кадимки куралдар менен катар эле энергетикалык куралды да пайдаланууну пландайт.
Салт боюнча Крещение майрамы сыйынуу менен башталат. Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат. Андан соң Чүй облусундагы сууга чөмүлүп чыгышат.
Крещение майрамын ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгилешет. Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип сууга түшүп кетчү.
Сүрөттөр православ христиандарынын Бишкектеги чиркөөсүнөн тартылды
Кудайга сыйынып жаткан аял
Православдардын ишенимине ылайык, сыйынуу шам жагуу менен башталат
Дин кызматкери зыярат учурунда
Крещение майрамын Кудайга тилек айтуу менен баштайт
Майрамды белгилөө маалында дагы санитардык нормалар эске алынып, бет кап тагынып келгендер болду
Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат
Крещение майрамы ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгиленет
Крещение майрамынын экинчи атын Богоявление деп атап коюшат
Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип ыйык сууга түшүп кетчү
Чиркөөнүн кызматкери келгендерге ыйык суу чачууда
Крещение майрамынын жөрөлгөлөрү 19-январга караган түнү өттү