Москвада Чыңгыз Айдарбеков Сергей Лавров менен жолукту

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүВстреча глав МИД РФ и Киргизии С. Лаврова и Ч. Айдарбекова
Встреча глав МИД РФ и Киргизии С. Лаврова и Ч. Айдарбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар эки мамлекеттин кызыкчылыктарына дал келген кыргыз-орус мамилесин арттырууга ынтызар экенин белгилешти.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков иш сапарынын алкагында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Москвада жолукту. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Лавров өз кезегинде Айдарбековду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады.

Тышкы иштер министрлери көп тараптуу кызматташууну талкуулады. Андан сырткары, эл аралык жана аймактагы актуалдуу маселелери тууралуу пикир алышты.

Тараптар эки мамлекеттин кызыкчылыктарына дал келген кыргыз-орус мамилесин арттырууга ынтызар экенин белгилешти.

Чыңгыз Айдарбеков 17-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп дайындалган

Жаңылыктар түрмөгү
0