Иса Өмүркулов: эмне байлыгым болсо баары декларацияда көрсөтүлгөн

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду кепке тартып, партиядагы ич ара мамилелер, келе жаткан шайлоолор, Атамбаев менен мамилеси, "Кыргыз темир жолу" ишканасындагы жетекчилиги, мэрлик креслодогу иштери тууралуу суроо узатты.

— Иса Шейшенкулович, КСДП көбүрөөк добуш алып, парламентте фракция депутаттардын саны да арбыныраак болду. Ушул күнгө чейин эмне иштерди жасап жетиштиңиздер?

Встреча председателя СДПК Алмазбека Атамбаева с депутатами ЖК - Sputnik Кыргызстан
Жолдубаева: "Атамбаевсиз КСДП" жыйындарынын артында чоң күчтөр турат
— Албетте, ар бир партиянын программасы бар. Биз, Социал демократтар партиясы да Конституциянын чегинде өз программаларыбызды ишке ашырып келе жатабыз. Менимче, бардык партиялардын ичинен шайлоочуларга жакканы биздин программа болгондуктан, эл бизге көп добушун берди окшойт. Жасаган орчундуу маселелерге токтоло кетсем — жерди трансфармациялоо, калкты ипотекалык турак жай менен камсыздоо, медицина тармагын реформалоо жана башка бир топ багыттарда ишибизди көрсөтө алдык. Ипотекалык насыя берүүдө калктын үйгө муктаж катмарына там алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Мындан ары да анын пайыздык ченемдерин азайтып, мөөнөтүн узартуу боюнча жана насыяга бөлүнчү акчанын көлөмүн көбөйтүүгө багытталган иштерди жасай бермекчибиз. Ал эми жерди трансфармациялоодо да бир канча талаш-тартыш менен мыйзам долбоору кабыл алынып, учурда президентке жөнөтүлдү. Ошондой эле таза суу маселесин чечүү да биздин программабызда көрсөтүлгөн болчу. Өлкө боюнча жалпысынан 1000ге чукул айылдарда таза суу жок. Бүгүнкү күндө донорлордун эсебинен, өлкөнүн бюджетинен акча бөлдүрүп, бул программабыз ишке ашып жатат. Ошондой эле жолдор, канализация айтор, бир топ социалдык маселелерди жасап келе жатабыз.

— Дегениңиз менен курулуп жаткан жолдордун көбүнүн сапаты талапка жооп бербей жатат го?

— Туура айтасыз, бирок 10 жыл мурдагыга караганда азыр сапаттуу жолдор салынып жатат. Себеби ал кезде эң жөнөкөй эле мисал, жол салган фирмалардын жаңы, керектүү техникалары болгон эмес. Сапатсыз курулган жолдор айрым жерлерде кездешип калып жатат бирок мунун баары коомчулуктун, ЖМКлардын жана депутаттардын көзөмөлүндө. Бара-бара бул кемчиликтер жоюлат деп ойлойм. Дагы бир маселе бизде азыр кылмыш иши козголбогон долбоорлор калбай калды. Жол салынабы, курулуш түшөбү келип эле кылмыш иши козголуп, долбоор толук аягына чыгарылбай калып калууда. Мындай болбойт да. Алгач, бир долбоорду баштаарда иштин көзүн билген адистерди тартсак, анан аларга ишеним артып иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берсек. Эгер оңдоло турган мүчүлүштүктөр кетсе, жөн гана оңдоп коюп адис ишин улантса. Жок, бизде дароо эле камап баштайбыз. Бул экономикага терс гана таасирин тийгизүүдө. Мындай жол менен өлкө өнүгө албайт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК Иса Омуркулов
Депутат ЖК Иса Омуркулов - Sputnik Кыргызстан
Депутат ЖК Иса Омуркулов

— Анда, өлкө сиздин пикириңизде канткенде өнүгөт?

— Президенттен баштап аткаминерлерге чейин уурдаганын токтотсо, эл өнүгөт. Өлкөдө тынчтык, стабилдүүлүк болсо экономика алдыга жылат. Кыргызда балык башынан сасыйт деп коет. Андыктан, башчылар оңолмоюн, өлкө өнүкпөйт. Бул багытта азыркы президенттен баарыбыздын үмүтүбүз чоң, биз да аны колдоп жатабыз. Баарыбыздын жасаган ишибиз элдин жашоосун жакшыртууга арналышы керек. Ошондо гана өнүгүү болот.

— Сиздин кесиптештериңиз Алтынбек Сулайманов менен Жыргалбек Турускулов "өнүгүү үчүн губернатор, акимдерди жоюп салуу керек" деп айтып чыгышты. Буга сиздин пикириңиз кандай? Эки фракциянын лидерлери өз ойлорунун дал келүүсүбү же кимдир бирөөнүн "микрофону" болуп жатышабы?

— Алтынбек Сулайманов менен Жыргалбек Турускулов кимдин пикирин айтып жатышат же өздөрүнүн ойлору дал келип калдыбы билбейт экенмин, бирок мен бул сунушту колдобойм. Мисалы, бир эле адисти таптап чыгуу үчүн мамлекет канча чыгымга учурайт, эсептеп көрөлүчү. Бала бакчага барганынан баштап, мектепте, жогорку окуу жайда билим алуусу, ооруп калган учурда кеткен дары-дармеги айтор, бир адисти даярдоого жылдар жана көптөгөн чыгымдар жумшалат. Анан биз алып туруп эле кыскартып салсак болобу? Ушул убакка чейин кыскартып эле келе жатабыз. Кайсы өкмөт башчы келбесин реформасын кыскартуудан баштайт. Мына азыр министрликтерде 20, 30дан адам калды. Бир бүтүндөй министрликте ошончо адам эмне жумуш аткарып жетишет? Бул түз эле иштин сапатын түшүрүп жатпайбы. Мейли биз аким, облус жетекчиси деген штаттарды жоюп салдык дейли, айыл өкмөттөр өкмөт башчы менен түз иштеше алабы? Эмне деген ботко жаралат? Бул менин пикиримде таптакыр туура эмес сунуш.

— Сиздердин партия тууралуу сурагым келип турат. КСДП партиясынын учурдагы ички абалы кандай?

— Кайсы гана партия болбосун, демократиянын принциптери менен түзүлгөн. Башкача айтканда, азчылык көпчүлүккө баш ийүүсү, өзүн-өзү сын көз менен карай билүүсү керек. Ошондуктан, айрым партия мүчөлөрү, партиялык кеңештин мүчөлөрү учурдагы бийликти, айрымдары тескерисинче азчылыкты сындап жатат. Муну эми саясатта боло турчу көрүнүш катары эле кабыл алалы. Сын пикир өсүү бар жерде гана айтылат. Болгону биз ошону партиянын келечегине зыянын тийгизбей турган кылып чечишибиз зарыл. Биз эмоциялуу чечимдерди кабыл алып, миңдеген партиялаштарыбызга сунуштаганга болбойт. Учурда КСДП партиясына ынтымак жана биримдик гана керек. Анткени, өлкөдө эл ишенген, элге өз ишин көрсөтө алган партиябыз. Республикада орногон стабилдүүлүккө биздин партиянын кошкон салымы чоң жана партия ичиндеги стабилдүүлүктү сактап калууга өз күчүбүз жетет деп ишенем. 

— Сизди КСДП партиясынан Алмазбек Атамбаевди чыгарылуусун колдогонуңуз тууралуу маалымат тарады. Окуяны өз оозуңуздан уксак?

— Мен бул сурооңузга жооп бере албайм. 

© Фото / секретариат СДПКВстреча председателя СДПК Алмазбека Атамбаева с депутатами ЖК
Встреча председателя СДПК Алмазбека Атамбаева с депутатами ЖК - Sputnik Кыргызстан
Встреча председателя СДПК Алмазбека Атамбаева с депутатами ЖК

— Анда маалыматты чындык деп кабыл ала берелиби?

— Ушул тууралуу коментарий бербей эле коеюнчу.

— Өз эркиңиз. Сизди Сапар Исаковдун өкмөт башчылыгынан кетишине чоң салымы бар, анткени өзү премьер-министрликке же Жогорку Кеңештин спикерлигине келүүнү көздөгөн деген анализдер кезегинде айтылды эле?..

— Андай маалыматтарды угуп, окуп жатам. Мени ошол кызматтарга татыктуу деп эсептегендерге ыраазычылык билдирем (күлүп), мага деле мындай сөздөр жагып жатат. Мунун көрүнбөгөн жактары да бар да. Эгер премьер-министрликке биздин фракциядан сунушталса, демек спикерликти өнөктөштөрүбүзгө беришибиз керек. Мындан башка дагы бир топ кызматтарды бөлүштүрүүдө фракциялар ортосунда теңчилик болушу шарт. Ички "кухнядагы" ушундай эрежелерди сактоо зарыл. Ал эми спикерликке же премьер-министрликке жетпей калыптыр дегенди жөн гана каралоо, көрө албаган адамдардын чыгарган ушагы деп баалайм. Фракцияны жетектеп туруу да чоң жоопкерчилик. Анткени, бүгүнкү өкмөттү түзгөн да биздин фракция. Биз өкмөттү каалаган убакта чакырып, сурап алганга укугубуз бар. Андыктан, азыркы менин турган кызматымдын да даражасы чоң. Мен бул кызматты сыйлап, жоопкерчилигин сезип келгем.

— 2020-жылы боло турчу парламенттик шайлоого даярдыгыңыздар кандай?

Пресс-конференция Наримана Тюлеева - Sputnik Кыргызстан
Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен түшкөн селфисин жарыялады
— Азырынча бул тууралуу ойлонгонго эрте. Бир нерсени гана так айта алам, партия шайлоого барат. Кандай форматта, кимдер менен өнөктөш болушу мүмкүн азырынча айта албайм. Жакындаганда сизге кененирээк маалымат берейин. Бүгүнкү күндө биздин фракциянын жасап жаткан ар бир жумушу, алдыдагы шайлоого даярдык деп бааласак болот. Алдыңкы жылдарда жакшы иштеп, көйгөйлүү маселелерди чечүүдө өкмөттүн ишин ыкчамдатып, кызматыбызды көрсөтсөк, элдин жакшы баасына татыйбыз. Жаңы мыйзам боюнча босого добуш тогуз пайызды түзөт. Мындан өтүү оңой эмес. Демек, көрүнгөн эле партия келип, парламенттин курамын түзүп калбайт. Фракциялардын аздыгы өкмөткө туруктуулукту алып келет экен. Ал эми өкмөттүн туруктуулугу экономикага оң таасирин тийгизет.

— Шайлоо тууралуу азырынча ойлоно элекпиз дегениңиз менен фракция мүчөсү Асылбек Жээнбеков партия түзүп, сизди да ошол партияга чакырыптыр деген кеп тарады. Канчалык деңгээлде чындыгы бар?

— Андай партия түзүлүп атат деп уккан, көргөн жокмун. Мага мындай сунуш түшкөн да эмес. Мен муну чоң жоопкерчилик менен айтып жатам. Бул жөн гана ушак. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК Иса Омуркулов
Депутат ЖК Иса Омуркулов - Sputnik Кыргызстан
Депутат ЖК Иса Омуркулов

— Мурдагы шаар мэри катары айтсаңыз, учурда борбор калаанын башчылыгына татыктуу адам келдиби? Дегеним, Азиз Суракматовдун мэр болуп шайланганын укканда шаар тургундары тарабынан бир топ нааразы кептер айтылды эле.

— Ооба, Азиз Суракматов кыргыз тилин билбегендей түр калтырды. Бирок мен билгенден ал мамлекеттик тилде абдан жакшы сүйлөйт. Советтер союзунун адамдары болгондуктан мен деле, ал деле орусча окуганбыз. Бирок эне тилибизди деле жакшы билебиз. Ал эми мэрди алгач чарбачылбы, шаардын өнүгүп-өсүүсүнө кандай салымын кошо алат, таза кадрбы деп карашыбыз керек. Шаар башчысынын жасаган иши көзгө көрүнбөйт, бирок жашоочулардын ар бир кыймылында мэриянын жасаган иши жатат. Шаар мэриясынын тейлөөсүнүн алдында биздин күнүмдүк жашообуз өтөт. Учурда Бишкеке эмне керек? Мыйзамсыз курулуштарды токтотуу, жашылдандыруу, транспорттук тейлөөнү жакшыртуу, парк, сейил бактарын көбөйтүү талапка ылайык. Азиз Суракматов кесиби боюнча курулушчу, шаар көйгөйүн билет, түшүнөт. Камчы салдырбай иштеп кете алат деп ойлойм. Бизде азыр сөз эркиндиги өтө эле кенен деп айтсак болот. Дароо эле жаңы жетекчилерди кара пиар, жамандоо, каралоо менен тосуп алабыз. Биз аларга иштегенге убакыт берсек, жасай албаса анан ишине жараша сындасак туура болот эле.

— Келиңиз анда сиздин "Кыргыз темир жол" ишканасын башкарып турган учуруңуз тууралуу сүйлөшөлү. Бул мекемени жети жыл жетектеп туруптурсуз. Эмнелерди ишке ашыра алдыңыз? Эл оозунда "Кыргыз темир жол ишканасын Иса Өмүркулов талкалап кеткен" деген кептер бар…

— Бул дагы кезектеги кара пиар. Мен 1998-жылы ишкана талкаланып калган кезде баргам. Кызматкерлери алты айлап айлык маяна албай, салык төлөбөй, карызга батып турган кезинде жетекчи болдум. 6500 киши иштечү. Бир жылдын ичинде бул карыздардын баарын жаап, ишкананы кризистен алып чыккам. 6,5 жыл башкарып, кетээримде эсебине 100 миллион сом акча таштап кеттим. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташыган вагондорду оңдогон заводду бүтүрдүм. Беловодскидеги жүк ташуучу вагондорду оңдогон заводдун имараты эле калган экен, аны ишке киргиздим. Көз карандысыз маалыматтык борбор ачтырдым. Мен келгенге чейин маалыматтар Казакстан, Россиядан алынчу. Мындан тышкары ылдамдыкты чектөөнү жойдум. Тактап айтканда темир жолдун сапаты начар болсо вагондор жай жүрүп, күйүүчү май да көп керектелет. Бул көйгөйдү чечтим. Мен Курманбек Бакиев учурунда кескин оппозицияга чыккам. Ошондо ийне-жибиме чейин текшеришкен. Эгер мен таза иштебеген болсом, ошондо эле колу-бутума кишен салып камап коюшмак. Таза, так иштегендигим үчүн азыр сиздин алдынызда отурам. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЗаседание Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, судебно-правовым вопросам и Регламенту ЖК КР
Заседание Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, судебно-правовым вопросам и Регламенту ЖК КР - Sputnik Кыргызстан
Заседание Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, судебно-правовым вопросам и Регламенту ЖК КР

— Декларация боюнча биздин аткаминерлердин баары эле өтө жупуну адамдар. Сизди да бул катардан көрсөк болот. Ишкерликтин кандай түрлөрү менен алектенесиз?

— Мен башкалар тууралуу айта албайм, жеке өзүм эмне байлыгым болсо баарын декларацияда көрсөткөм. Менин мамлекеттен, элден жашыра турган эч нерсем жок. Анткени, эмне деген гана текшерүүдөн өткөн жокмун. Акаевдин убагынан бери эле ар кыл текшерүүлөргө кабылып келем. Бизнесим болгондо бирде болбосо, бирде чыгып калмак.

— Жакындарыңызга каттаткан да мүлктөрүңүз жокпу?

Мужчина с портфелем. - Sputnik Кыргызстан
Министр боло калам деп чырга кабылып... ЖКнын "атагы чыккан" экс-депутаттары
— Жок, болгону менде ортодон өйдөрөөк деңгээлдеги мал чарбачылыгы бар. Асыл тукум жылкыларга кызыгам. Ал чарбам тууралуу элдин баары эле билет. Кызыккандар болсо фермамды көрсөткөнгө даярмын.

Бул интервьюдан сырткары ЖКнын VI чакырылышындагы "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, "Республика – Ата – Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов жана "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков менен болгон маекти окусаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0