ЖК депутаты Иса Омуркулов. Архив

Иса Өмүркуловдун КДСПдан чыгарылышы боюнча маалымат жыйыны

415
(жаңыланган 15:51 01.11.2018)
Партиянын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду КСДПнын катарынан чыгаруу боюнча чечимди 31-октябрда кабыл алды.

Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандын социалдык-демократиялык партиясынын мурунку мүчөсү Иса Өмүркулов саясий бирикменин катарынан чыгарылышы боюнча маалымат жыйын өткөрүүдө.

Жаңы билдирүү
  • 10:36

    Маалымат жыйын аяктады

  • 10:35

    Иса Өмүркулов: Атамбаевди саткан эмесмин

    "Мен партиянын идеаларын саткан эмесмин. Кыйын кезеңде дагы партияны таштаган жокмун. КСДП келечекте тазаланышы керек. Ал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Партиянын аркасы менен келип, өзүнүн жаман иштерин жасагандардан тазаланышыбыз керек", — деди Өмүркулов.

    Эл өкүлү партиянын мүчөсү болгонун жана бүгүн дагы партиянын мүчөсү экенин белгилеп өттү.

     

  • 10:31

    Эл өкүлү УКМКнын Илимияновдун президенттик шайлоо учурунда партияга түшкөн мыйзамсыз каражаттары боюнча көрсөтмөсү туурасында төмөнкүлөрдү айтты.

    "Шайлоо штабында иштегем, ар кимдин өзүнүн функциясы болгон. Шайлоо менен түздөн-түз жолугуу багыты эле. Каражаттарга тиешем болгон эмес. Эмне болуп жаткандыгын тергөө көрөсөтөт. Мен шайлоочулар менен жолугуу жагын гана моюнга алгам", — деди Өмүркулов.

    Ал ошондой эле эгер муктаждык болсо Атамбаев менен жолугууга даяр экенин кошумчалады. 

     

  • 10:29

    Иса Өмүркулов:

    "Атамбаевге болгон мамилем жакшы. Ал эми ал кандай мамиледе экенини билбейм. КСДПга мен көчөдөн эле келген жокмун. Өзүмдүн ар намысымды коргойм. Кийинки кадамдарым кандай болорун эми убакыт көрсөтөт". 


  • 10:25

    Иса Өмүркулов: КСДПнын саясый кеңешинин чечими мыйзамсыз

    Мен кеңештин жыйынынын протоколун көргөн жокмун. Кимдер добуш бергени да белгисиз. Ошондой эле мөөр басылган протокол менен да тааныша элекмин.

    Атамбаевсиз КСДП демилгесин Асылбек Жээнбеков колдоп, анан мен аларды кабыл алдым деген сөз чындыкка жатпайт.


  • 10:22

    Эл өкүлү Атамбаевсиз КСДПнын демилгечилери менен жолукканда өз позициясын билдирбегенин, эми позициясы кандай болорун убакыт көрсөтөрүн айтты. 

  • 10:21

    Атамбаев менен байланышкан жокмун

    Өмүркулов: мен партиянын лидери менен күзүндө эки үч жолу жолуккам. Кечээки чечимден кийин аны менен байланышкан жокмун. Ага муктаждык болгон жок. 

     

  • 10:18

    Иса Өмүркулов: мени партиядан чыгаргандар революцияда каза болгондордун үмүтүн актаган жок. Аларга каршы чыкты. Мени чыккынчы деген сөздөр айтылды, бирок андай эмес, мени партиядан чыгарууга добуш бергендер чыккынчы деп айтар элем.

  • 10:15

    Жыйынга келген журналисттердин бири Иса Өмүркуловдун "Атамбаевсиз КСДП" жыйынына катышкан-катышпаганын сурады.

    Буга Иса Өмүркулов:  Демилгечи топтун мүчөлөрүн кабыл алгам, бирок өз позициямды айтка эмесмин. Эмне себептен КСДПнын катарынан чыгарылганымды билбейм. Мен эч мыйзам бузган жокмун, партиянын программасын, уставын тутуп келем. 


  • 10:12

    Иса Өмүркулов: саламатсыздарбы, массалык маалымат каражаттардын өкүлдөрү. Кечээтен бери мага абдан көп телефон чалуулар болду. Ошондуктан бардык суроолорго жооп берүү үчүн маалымат жыйын өткөрүүнү чечтим. 

  • 10:11

    Иса Өмүркулов жыйынга кирип келе жатат. 

  • 10:10

    Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов КСДПнын катарынан чыгарылганы боюнча маалымат жыйын өткөргөнү жатат. 

415
Белгилер:
саясий партиялар, депутат, КСДП фракциясы, Иса Өмүркулов, Кыргызстан
Тема:
Иса Өмүркулов КСДПнын катарынан чыгарылды (10)
Тема боюнча
Иса Өмүркулов КСДПнын катарынан чыгарылды