БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Социал демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев жакында маалымат жыйын өткөрүп, өлкөдө болуп жаткан бардык ыңгайсыз маселелер боюнча суроолорго жооп берет. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина журналисттерге билдирди.
"Азыр Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын берүүгө даярданууда. Ал учурда коомчулукта талкууланып жаткан бардык маселелер боюнча суроолорго жооп берет", — деди Карамушкина.
Эл өкүлү фракция лидери Өмүркуловдун саясий кеңештин жыйыны болорун билген эмесмин деген билдирүүсү суу кечпейт деген пикирин да билдирди."Өмүркуловго маалымат берилген. Бирок ал акыркы учурда партиянын жыйындарын көз жаздымда калтырып келет. Буга чейинки да саясий кеңештин жыйынына келген эмес", — деди депутат.
Эскерте кетсек, кечээ, 31-октябрда Өмүркулов КСДП катарынан чыгарылып, ал эми бүгүн ЖКда маалымат жыйын өткөргөн.
Өмүркулов КСДПдан чыккандыгы боюнча өткөрүп жаткан маалымат жыйынынан тексттик алып берүүнү бул жерден окуңуз.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Еревандыктар премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып магистралдарды тосуп жатышат. Бул тууралуу armnews жазды.
Маалыматка караганда, жолдор эл тарабынан жабылгандыктан кыймыл токтоп калган.
Кийин өкмөт үйүнө парламенттин спикери Арарат Мирзоян, вице-спикер Ален Симонян, депутаттар жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү келишкен.
Пашиняндын рейтинги күзүндө Баку менен Тоолуу Карабах боюнча элдешүүгө кол койгондон кийин кескин түшүп кеткен. Анда Ереван Кельбажар, Лачин жана Агдам райондорунан баш тартууга аргасыз болгон. Ошондон кийин Армениянын борборунда нааразычылык акциялары башталган.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Саясатчы Өмүрбек Текебаев аны Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болот деген кептер чындыкка дал келбей турганын Sputnik агенттигинин кабарчысына билдирди.
Эске салсак, акыркы күндөрү социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда Текебаев элчилик кызматты аркалай турганы жөнүндө маалыматтар тараган.
"Мага мурунку бийликтин учурунда дагы, азыркы бийликтин учурунда дагы андай сунуш түшкөн эмес. Бул фейк жаңылык. Ошондуктан талкууга алуунун зарылдыгы жок. Ким эмне себептен жайылтканын билбейм", — деди Текебаев.
Саясатчыдан алдыдагы пландары тууралуу да сурадык.
"1,5 жылдан бери бүтпөй жаткан сот иштери менен алекмин. Алгач сот иштерин бүтүрүшүм керек, пландарым ошондон көз каранды болот", — деди Текебаев.
Былтыр "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кайрадан Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алган.
2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пунктуларында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.
Кийин жаңы жагдайлардан улам Текебаев менен Чотоновдун ишин Жогорку сот кайра кароого жөнөтүп, фемида өкүлдөрү өткөн жылдын 29-августунда эки саясатчыны үй камагына коё берген. Ошентип ал соттолгон деген статустан кутулган.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Россия техникалык жардам катары Кыргызстанга товарларды маркировкалоо системасын түзүү үчүн 623 миллион рублга идентификациялоо жабдууларын алып берет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өнөр жай жана соода министрлигинин сайтында маалымдалат.
Билдирүүгө ылайык, кыргыз өкмөтү 2019-жылы жардам сурап кайрылган. Бул боюнча тийиштүү документтер даярдалып, президент Садыр Жапаровдун сапарынын алкагында өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.
Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров Россияда бул система ийгиликтүү иштеп жатканын белгилеген.
"Бул бюджетке кошумча салыктардын түшүшүн, рыноктун тазалыгын камсыздап жана ак ниет өндүрүшчүлөрдүн көмүскө сегменттин атаандаштыгынан коркпой рынокко чыгышына шарт түзөт. Ал эми керектөөчүлөр үчүн сапаттуу жана ден соолукка коопсуз товар алууга, келечекте ЕАЭБдин аймагындагы бардык товарды бирдиктүү система менен текшерүүгө мүмкүнчүлүк жаралат", — деди министр.
Ал эми Кыргызстандын экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков бул макулдашуу эки тараптуу байланыштарды жандандырууга маанилүү кадам болоруна ишеним артты.
Аталган системаны түзүүгө 1,5 жыл убакыт кетет. Бул жумуштарды Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги мамлекеттик келишимдер аркылуу аткарат.