Атамбаевди саткан эмесмин! Өмүркулов "Атамбаевсиз КСДПга" катышканы боюнча

© Фото / пресс-служба ЖКЖК депутаты Иса Өмүркулов. Архив
ЖК депутаты Иса Өмүркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү ар дайым партиянын программасы менен Уставын тутуп келерин белгиледи.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. КСДПнын идеяларын, Атамбаевди саткан эмесмин. Кыйын учурларда дагы партияны таштаган жокмун. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Кечээ, 31-октябрда, КСДПнын саясий кеңеши Өмүркуловду партиянын катарынан чыгаруу боюнча чечим кабыл алган. Ага депутаттын аракеттери партиянын Уставына, максаттарына туура келбегендиги себеп катары түшүндүрүлгөн.

Маалымат жыйын учурунда Иса Өмүркулов "Атамбаевсиз КСДП" жыйынына катышканын ырастады.

"Атамбаевсиз КСДП" жыйынына катышып, демилгечи топтун мүчөлөрүн кабыл алгам. Бирок өз позициямды билдирген эмесмин. Эмне себептен КСДПнын катарынан чыгарылганымды билбейм. Эч бир мыйзам бузган жокмун, партиянын программасын, Уставын тутуп келем", — деген Өмүркулов негизи өзүнүн позициясы кандай болгонун ачыктаган жок.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карамушкина: Атамбаев жакында маалымат жыйын өткөрөт
Ал ошондой эле аны "чыккынчы" деген сөздөр тарап жатканын айтып, чыныгы чыккынчылар аны партиядан чыгарууга добуш бергендер экенин белгиледи.

"Эмнеге чыккынчы? Мен сатып кеткидей эч нерсе болгон жок. Атамбаев кайсы бир кызматка талапкерлигин коюп, мен башка тарапка өтүп кетсем бир жөн, бирок андай болгон жок да", — деди ал.

Маалымат жыйындын тексттик трансляциясын окуп, видеосун көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0