БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын лидеринин орун басары Ирина Карамушкина парламенттеги фракция лидери Иса Өмүркуловдун миссиясы башка болгонун, ал партияны өнүктүрүү, идеяларды колдоо менен алектениши керек эле деген пикирин журналисттерге билдирди.
КСДПнын саясий кеңеши шаршемби күнкү жыйынында Иса Өмүркуловду партиянын катарынан чыгарган болчу. Өз кезегинде Өмкуркулов мындай чечим легитимсиз экенин айтты.
Карамушкина ошондой эле Өмүркуловдун "саясий кеңештин чечими легитимсиз" деген билдирүүсүн четке кагып, партиянын саясий кеңешинин 31-октябрдагы жыйынына 10 киши келип, 9 киши ишеним каттарын бергенин, жыйынды мыйзамсыз деп айтуунун өзү туура эмес экенин белгиледи.Ал Өмүркулов акыркы болуп жаткан окуялар боюнча фракция лидери катары пикирин так айтышы керектигин айтты.
Депутат, андан сырткары, жер-жерлерде партиянын атынан деп өткөрүлүп жаткан жыйындарды ("Атамбаевсиз КСДП" чогулуштары – авт.) партияга тиешеси жок эле тараптар уюштуруп жатканан кошумчалап, мисалга жакында эле Караколдо болгон жыйынды келтирди.
"Азыр көп киши партиянын катарынан чыгып, жалган жыйындарды өткөрө баштады. Караколдогу мындай жыйынды Данияр Тербишалиев өткөрдү. Ал "Республика" партиясы менен шайлоого барган. Эркингүл Иманкожоева "Ата Мекен" партиясы менен барган. Канат Хасанов болсо КСДПнын катарынан эбак эле чыгарылган. Ал соттор кеңешинде иштеп жүрүп, туура эмес иштерди жасаганы маалым. Партия учурда кыйын учурларды баштан өткөрүп жатат", — деди Карамушкина.
Ал ошондой эле партия мүчөлөрү өлкөнүн атайын кызматтары тарабынан коркутуп-үркүтүүгө тушугуп жатканын маалымдады.
"УКМКнын өкүлдөрү биздин партиянын жаш мүчөлөрүн коркутуп жатат. Мына жакында эле көптөн бери партияда иштеп жаткан кызга коркуткан билдирүүлөрдү жазышты Алардын андай кылганга, партиянын өнүгүшүнө тоскоолдук кылганга кандай укугу бар? Бизди коркута албайсыңар", — деди депутат.Карамушкина өз сөзүндө партиянын жоопкерчилиги чоң экенин айтып, эгер өлкөдө бир нерсе болуп кетсе ага жоопкерчиликти каяктагы бирөөлөр эмес, партия аларын айтты.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Еревандыктар премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып магистралдарды тосуп жатышат. Бул тууралуу armnews жазды.
Маалыматка караганда, жолдор эл тарабынан жабылгандыктан кыймыл токтоп калган.
Буга чейин Армениянын куралдуу күчтөр боюнча башкы штабы Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып, өзүнүн элине каршы күч колдонбоого чакырган. Кийин өкмөт башчысы башкы штабдын жетекчиси Оник Гаспарянды иштен алып, өзүнүн тарапташтарын өкмөт үйүнүн алдына чакырган.
Кийин өкмөт үйүнө парламенттин спикери Арарат Мирзоян, вице-спикер Ален Симонян, депутаттар жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү келишкен.
Пашиняндын рейтинги күзүндө Баку менен Тоолуу Карабах боюнча элдешүүгө кол койгондон кийин кескин түшүп кеткен. Анда Ереван Кельбажар, Лачин жана Агдам райондорунан баш тартууга аргасыз болгон. Ошондон кийин Армениянын борборунда нааразычылык акциялары башталган.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Саясатчы Өмүрбек Текебаев аны Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болот деген кептер чындыкка дал келбей турганын Sputnik агенттигинин кабарчысына билдирди.
Эске салсак, акыркы күндөрү социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда Текебаев элчилик кызматты аркалай турганы жөнүндө маалыматтар тараган.
"Мага мурунку бийликтин учурунда дагы, азыркы бийликтин учурунда дагы андай сунуш түшкөн эмес. Бул фейк жаңылык. Ошондуктан талкууга алуунун зарылдыгы жок. Ким эмне себептен жайылтканын билбейм", — деди Текебаев.
Саясатчыдан алдыдагы пландары тууралуу да сурадык.
"1,5 жылдан бери бүтпөй жаткан сот иштери менен алекмин. Алгач сот иштерин бүтүрүшүм керек, пландарым ошондон көз каранды болот", — деди Текебаев.
Былтыр "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кайрадан Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алган.
2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пунктуларында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.
Кийин жаңы жагдайлардан улам Текебаев менен Чотоновдун ишин Жогорку сот кайра кароого жөнөтүп, фемида өкүлдөрү өткөн жылдын 29-августунда эки саясатчыны үй камагына коё берген. Ошентип ал соттолгон деген статустан кутулган.