Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Астана шаарында (Казакстан) Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты

Абылгазиев Астанада премьерлер менен жолукту. Кол коюлган документтер тизмеси

136
(жаңыланган 14:14 04.11.2018)
Абылгазиев КМШ алкагында кызматташуу боюнча кыргыз өкмөтүнүн позициясы өзгөрүүсүз каларын айтты.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Астана шаарында (Казакстан) Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты.

Премьер-министр РФ Д. Медведев принял участие в заседании Совета глав правительств СНГ
© Sputnik / Екатерина Штукина
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Астана шаарында (Казакстан) Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты

КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында премьер-министр Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуусуна катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Назарбаев Кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча КМШ өлкөлөрүнүн өз ара кызматташуусун жакшыртууга багытталган чечим кабыл алуусун каалады.

Абылгазиев сөз сүйлөп, КМШ алкагында кызматташуу боюнча кыргыз өкмөтүнүн позициясы өзгөрүүсүз бойдон каларын айтты.

"Биз КМШ мүчө-өлкөлөрүнүн интеграциясын мындан аркы бекемдөөнү жана көп тармактуу форматта өз ара кызматташуусун өстүрүүнү колдойбуз", – деди премьер-министр.

Кол коюлган документтер:

Астана шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгында премьер-министрлер төмөнкү документтерге кол койду:

— "Уран өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо" Мамлекет аралык максаттуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

— КМШ мүчө-өлкөлөрдүн жогорку технологиялык энергетикалык өндүрүштү өнүктүрүү боюнча кызматташуу концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча негизги иш-чаралар планы жөнүндө;

— КМШ мүчө-өлкөлөрдүн чектеш аймактарындагы токой зыянкечтеринин жана ооруларынын алдын алуу жана жоюу боюнча өз-ара аракеттешүү жөнүндө келишим тууралуу;

— КМШ мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы Салыктык башкарууну ишке ашыруу үчүн электрондук түрдөгү маалымат алмашуу тууралуу протокол жөнүндө;

— 2020-жылга чейинки КМШга мүчө-өлкөлөрдүн Мамлекет аралык инновациялык кызматташуу программасынын алкагында инновациялык долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашыруу натыйжасында түзүлгөн интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды бөлүштүрүү тартиби жөнүндө;

— 2020-жылга чейинки КМШга мүчө-өлкөлөрдөгү согуш ардагерлери – локалдык конфликттердин катышуучулары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосун жакшыртуу жана медициналык-социалдык көмөк көрсөтүүнү мындан ары карай өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын 2019-жылы каржылоо жөнүндө;

— 2017-жылы абадан коргонуунун бириккен тутумун түзүү жана өнүктүрүүгө каражат бөлүүнү пайдалануу жөнүндө;

— 2019-жылы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө-өлкөлөрдөгү абадан коргонуунун бириккен тутумун түзүү жана өнүктүрүүгө каражат бөлүү;

— Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Экономикалык Сотунун ишмердигинин айрым маселелери жөнүндө;

— Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин органдарынын 2017-жылга карата бирдиктүү бюджетин аткаруу жөнүндө;

— Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө-өлкөлөрдөгү үлүштүк төлөмдөрүнүн өлчөмүнүн өзгөрүүсү жөнүндө;

— Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин органдарынын 2019-жылга карата бирдиктүү бюджети жөнүндө;

— КМШ катышуучу-мамлекеттеринин гуманитардык кызматташуу тармагында 2019-2020-жж. карата артыкчылыктуу Иш-чараларынын планы жөнүндө;

— КМШ катышуучу-мамлекеттеринин электрондук жана электрдик-техникалык жабдуулардын калдыктарын башкаруу тармагындагы 2018-жылдын 1-июнундагы кызматташуу жөнүндө Келишимди ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы жөнүндө;

— 1997-жылдын 17-январындагы уюлдук кыймылдуу байланыш тутумун өнүктүрүү жана колдонуу боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол жөнүндө.

136
Белгилер:
КМШ, Мухаммедкалый Абылгазиев, Астана, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Премьер Абылгазиев Астанага келди. Сүрөттөр
Багдаддагы америкалык жоокерлер. Архивдик сүрөт

Жеңилүүгө дуушар кылган жеңиш. Ирак окуясын талдаган китепке сереп

16
(жаңыланган 14:55 14.08.2020)
Сөз кылып жаткан китеп — Роберт Дрейпердин "Согушту баштоо. Буштун администрациясы Американы Иракка сүйрөгөнү" (To Start a War, by Robert Draper) деген эмгеги.

АКШнын азыркы улуттук катастрофасына эң оболу ийгиликсиз ирак авантюрасы түрткү болгон. Америкада жаңы басылып чыккан ушул теманын тегерегиндеги китеп да 2003-жылдын март айында Иракка интервенция баштоо чечими качан жана кимдер тарабынан кабыл алынганын ийне-жибине чейин талдайт. Бул китепке Дмитрий Косырев сереп салган.

Китеп маселе ошондогу башкаруучу топтун — Жорж Буш жана башкалардын акылга сыйбас аракеттеринде эле эместигинде деген темада талкууну да жаратат.

Сириядагы кыймыл. Ким элдин каарына калып куугунтуктала баштады?

Кеп андан да тереңде, маселен, "акылга сыйбастыктын булагы кайда?.." Биз сөз кылып жаткан китеп – Роберт Дрейпердин "Согушту баштоо. Буштун администрациясы Американы Иракка сүйрөгөнү" (To Start a War, by Robert Draper) деген эмгеги. Бул китепти жазууга киришкенге дейре автор Буштун үй-бүлөсү менен достук мамиледе болгон экен. Балким, бул кадамынан уламбы, экс-президент ал менен сүйлөшүүдөн баш тарткан. Бирок башкалар автор менен баарлашуудан качпаптыр. Дрейпер ошол тушта иштеген жүздөгөн аткаминерлердин маектерин топтогон. Алардын ар бири окумдуу болбосо да, бир топ урунттуу учурларын табууга болот. Ошол убактагы эмес, азыркы мезгилдин адамынын көз карашы менен артка бир кылчайып көрөлү. Америка жана дүйнөнү Ирактагы согуш эмнеге кептеди?

Эң айкындала түшкөн нерсе — 90-жылдарда өкүм сүргөн дүйнөдө бул дүйнөнү тескеген жападан жалгыз күчтүү держава бар деген ойго чекит коюлганы. Анткени ошол күчтүү держава дүйнө жүзүнө чабал душман менен согушта өзү жеңе аларын (өткөн кылымдын 60-70-жылдарындагы Индокытайдагыдай эмес), бирок андай жеңиш жеңүүчүнү да талкалап коерун көрсөтүп койду. Жакынкы союздаштары (Германия жана Франция), кезегинде бири-бирине көздөрү түз өнөктөштөрү (Россия сымал) андай кырдаалда өз көз караштарынан тайбай, зарыл болсо, Американы көз жаздымга калтырары да анык болуп калды. АКШ бир өлкөнү, башкача айтканда, Иракты басып киргенин кирип, бирок каржылык жана башка кудурети менен да ал мамлекеттин бактысын арттырып, гүлдөтүп жибере албастыгына дүйнө күбө болду. Мындан улам АКШ (Батыштын деле) саясий жана баалуулуктар системасы экспортко жарабастыгына, дүйнө жүзү боюнча ондогон мамлекеттердин туура ойго жана жолго багыт алуусуна түрткү болгондой. Башкача айтканда, Америкасыз да мүмкүн гана тургай, аларсыз алдыга жылуу керектигин түшүнүктүү кылып койду.

Талибдер бийликке умтулууда. Кабул курчоодобу?

Эгер Ирак авантюрасы эч болбогондо, америкалык коомчулуктагы азыркыдай жарака жана идеялык ажырым, каржыдан кеп кылбаганда да бүтүндөй башкаруу системасындагы кыйроо, айтор, аталган өлкө ушундай кырсыкка кабылар беле деген азырынча иликтене элек маселе бар. Кандай болгон күндө да Ирак окуясы буга олуттуу салымын кошуп койду.

Дрейпердин китеби бизге эң оболу капысынан бир чындыкты ачып берет: америкалык чалгындоонун деградациясы... Көрсө, 90-жылдардын аягында ЦРУ Билл Клинтондун администрациясы менен тил табыша албай, агенттиктин бытыранды болуп кетишине чейин барышат. Анан кокусунан 2001-жылы 11-сентябрда теракт болуп калат. Ошондо аталган мекеменин башчысы Жорж Тенеттин таасирдин кайра калыптанышына үмүтү жанат.

Айтмакчы, ЦРУнун 90-жылдардагы көйгөйлөрүнүн себептери да ар кандай, бирок андан ары күлкүлүү жагдай түзүлөт – дал Жакынкы Чыгышта (бүтүндөй Ирак сюжетинин жыйынтыгы боюнча анык болгондой) акылдуу жана жөндөмдүү адистердин тартыштыгы жаралат. Тенет далилденбес нерсени далилдөөгө, тагыраагы, Ирак лидери Саддам Хусейн 11-сентябрда теракт жасаган "Аль-Каида"* менен жашыруун альянста экенин, АКШга каршы массалык кыйратуучу курал даярдап жатканын тастыктоого белсенет.

Сазга батып... Жакынкы Чыгыштагы орустар АКШнын тынчын алууда

Начар чалгын кызматы мындайда кандай иштейт? Жалган маалымат топтоп, аларга ишенүүнү өтүнөт. Баса, 2003-жылга салыштырмалуу кырдаал азыр деле өзгөрүп кетпеди. "Америкалык шайлоого Россиянын кийлигишүүсү" деген деле маалыматтар аталган державанын бул кызматынын иш деңгээлин көрсөтөр. Бүтүм чыгара турган болсок, акылы жетик чалгын кызматы мамлекеттин каражатын үнөмдөйт, акылы кем чалгындоо кызматы өлкөнү эбегейсиз көйгөйгө белчесинен батырат. Бирок бир мекеменин кыйрашы – бул өзүнчө маселе. Эгер Жорж Буш өзү жана ал дайындаган маанилүү кызмат ээлери ошол убакта аталган кызматтан дал ошол тейдеги жалган маалыматты талап кылбаганда эч кандай ирак кырсыгына жол берилмек эмес. Ооба, Тенет өзү жетектеген контораны "Саддам – АКШ үчүн коркунуч" деген демилгени коомго таңуулаган агенттикке айлантып салган. Бирок аны бул кадамга ошол доордун маанилүү инсандары, атап айтканда, коргоо министринин орун басары Пол Вулфовиц жана анын жетекчиси Дональд Рамсфельд, вице-президент Дик Чейни, анан да эң оболу президент өзү түрткөн.

Эмнеге андай жолго барышты? Анткени глобализмдин, башкача айтканда, дүйнө жүзүндө ооздукталбас америкалык лидерликтин идеологдору эле. Андан мурда эле ээлеген кызматтарында алар конгрессте "Иракты куткаруу актысынын" кабыл алынышына жетишишкен. Комиссия түзүшкөн, мурдатан эмнеге Ирак (аны менен кошо Иран жана Түндүк Корея) тараптан "согуп турган коркунучту" байкаган эмес деп ЦРУну да айыпташкан. Ал эми террористтер Нью-Йоркко сокку урганда өлкө көзөмөлдөн чыгып кеткен дүрбөлөңгө түшөт. Жогоруда аталган адамдар ал кырдаалды пайдаланбай коймок эмес. Дрейпердин айтымында, администрацияда Иракта согушту баштоо керекпи деген талкуу жүргөн эмес. Болгону качан жана кантип баштоо керек деген гана сөздөр жүргөн. Бийликте кайсы бир даяр демилгелери бар кишилер бар, ал эми кол алдындагылардан ошол идеяларга гана шайкеш фактыларды тандоо гана талап кылынат. Демилге күн мурунтан берилет, фактылар ага дал келтирилиши кажет. Державанын башкаруучу классынын түркөйлүгү жана деградациясы, ошондой эле жалпы билимдүү класстын артка кеткени деген ушул... Ханды алмаштырыш оңой, калкты өзгөртүш кыйын! Дрейпердин китебинде ушундай ой камтылат: "Биздин коом — антиинтеллектуалдык", "мектептер тарых, социология, маданиятты окутуп жаткандай гана түр көрсөтөт", көбүнесе акча топтоп, ага билим деген аты бар эле нерсени элге сунуп жаткандай...

АКШ Россияга Жакынкы Чыгыштан "чыгып кетүү" талабын койду

АКШ жана анын союздаш өлкөлөрүндөгү билим берүү системасынын деградациясы тууралуу тээ 90-жылдары эле олуттуу түрдө сөз боло баштаган. Ушундан улам "Ирак окуясы" жана башка көйгөйлөрдүн башаты кайдан экенин айкын көрүп турабыз. Мындай кептер жакында токтобойт да өңдөнөт.

*Россия жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюм.

16
Белгилер:
Жорж Буш, каражат, чалгынчы, теракт, АКШ, Ирак
Тема боюнча
Ирак: террорчулар кол салып, полициянын төрт кызматкери мерт болду
Ирак: чабандар согушкерлердин көмүлгөн 25 млн. долларлык кенчин таап алды
Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу. Архив

Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу кызматтан кетмей болду

113
Дамир уулу бул кызматка 2018-жылы ноябрь айында дайындалган. Ага чейин ал бир катар жеке ишканаларда жана эл аралык долбоорлордо иштеген.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Кызматтан кетүүгө өз каалоом менен арыз жаздым, кетүүгө убакыт келди, андан ары жылышыбыз керек. Мен иштеп жаткан эки жылга жетпеген убакытта башка мамлекеттик органдар жана өнөктөштөр менен мүмкүнчүлүктүн аздыгына карабай, көп нерсени кылууга аракеттендик. Мен бар кезде башталган долбоорлор мындан ары да уланат деп ишенем", — деди Дамир уулу.

Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаев кызматтан кетти

Ошондой эле ал бул аралыкта ага ишеним көрсөткөн маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Дамир уулу бул кызматка 2018-жылы ноябрь айында дайындалган.

113
Белгилер:
арыз, кызмат, Максат Дамир уулу
Тема боюнча
Дамир уулу: Кыргызстандын 3D картасы түзүлүүдө
Кап менен ун таратуу. Архивдик сүрөт

Мамрезерв эпидемияда канча тонна ун камдалып, бөлүштүрүлгөнүн айтып берди

7
(жаңыланган 14:52 14.08.2020)
Марттан бери 8 181 тонна ун жана 327 тонна кумшекер калктын аялуу катмары менен турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарга таратылган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Коронавирус кризисинде буудайдын камдалышы тууралуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун стратегиялык анализ, мамлекеттик сатып алуулар жана тышкы байланыш бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Наинбаев айтып берди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин Facebook баракчасында онлайн брифинг өткөргөн.

Наинбаевдин айтымында, февраль айынан тарта өлкөдө азык-түлүк товарларына, бөтөнчө биринчи сорттогу унга суроо-талап байкалган.

"Пандемиядан улам буудай жана ун көп экспорттолгон Казакстан менен чек ара жабылганын билебиз. Бул азыкка суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу баасы дагы жогорулады. Наркты турукташтыруу жана калкка гуманитардык жардам көрсөтүү максатында Мамлекеттик резервдер фонду өкмөттүн чечими менен биринчи сорттогу 11 828 тонна ун камдаган", — деди Наинбаев.

Ал кошумчалагандай, март айынан бери 8 181 тонна ун жана 327 тонна кумшекер калктын аялуу катмары жана турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарга таратылган.

Коронавирустун экинчи толкунунда дары тартыш болбойбу? Мамрезервдин жообу

Наинбаев ун региондор боюнча кантип бөлүштүрүлгөнүн түшүндүрдү:

  • Жалал-Абад облусу — 2 113 тонна;
  • Ош облусу — 1 542;
  • Бишкек — 1 213;
  • Чүй облусу — 845;
  • Баткен облусу — 739;
  • Нарын облусу — 627;
  • Ысык-Көл облусу — 517;
  • Талас облусу — 334;
  • Ош — 230 тонна.

Наинбаевдин айтымында, 327 тонна кумшекердин 261 тоннасы борбор калаага, ал эми 66 тоннасы Чүй облусуна жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, 100 тонна ун гуманитардык жардам катары Тажикстандын эки аймагына берилген. Ошондой эле дагы 25 тоннасы Улуу жана Кичи Памирде (Афганистан) жашаган этникалык кыргыздарга бөлүнүп берилген.

Жылкыбаев: быйыл Ош облусунда 41500 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген

Наинбаев белгилегендей, февраль айынан бери Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 3,4 тонна унду эркин рынокко чыгарган. Бул бааны турукташтыруу максатында жасалган, бирок кийин суроо-талап жогорулап, чек аралардын жабылганына байланыштуу баасы кескин өсө баштаган. Анда биринчи сорттогу ундун бир мүшөгү 1 600-1 800 сомго жеткен.

 

7
Белгилер:
азык-түлүк, Буудай, запас, ун, Мамлекеттик материалдык резерв, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандын аймактарына тонналап ун таратылды. Тизме
Кыргызстан Россиядан дагы 11 вагон буудай алып келди